Активисттер жөлөкпул мыйзамын колдоп чыкты

Категория: 
Новости

Активисттер жөлөкпул боюнча жаңы мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алуусун суранышты. Жаңы мыйзам калк арасындагы жакырчылыкты жоюуга өбөлгө болот. Учурда мыйзам долбоору парламентте экинчи окуудан өткөн. Эгерде кабыл алынып калса, үч жашка чейин ар бир балага жөлөкпул берилет.

Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушунун жашоочусу, 9 баланынын энеси Ира Шакироваушул убакытка чейин балдарына жөлөкпул алган эмес. Ал жөлөкпул алуу үчүн тиешелүү мекемелерге 6 жылдан бери документтерин чогултуп кайрылса, жылда бир документти жок деп артка кайтарып коюшкан. Өзү ооругандыгына байланыштуу иштебейт.

Кыргызстанда Шакировага окшогон жөлөкпул албай жүргөндөр көп экенин балдарды коргоо борборунун социалдык кызматкери Таалай Жакупов билдирди.

Анын айтымында, учурда жөлөкпулду муктаж болгондор албай эле  тааныш-билиштерге эле берилип жатат. Бул көрүнүштү жаңы сунушталган мыйзам жоет.

Жаңы мыйзам менен мамлекет балдарга көңүл буруп, коррупциялык көрүнүштөр алдын алынып, элдин жөлөкпулга болгон көз карашын өзгөртөт. Ошондой эле, жакырчылыкты кыскартат. Кээ бирлер 500 сом менен оңолуп кетпейбиз деп ойлошот. Бирок кимдер жардам алыш керектиги элдин мээсине сиңирилет. Бүгүнкү күндө жөлөкпул алып жаткандар өздөрүнүн статусун жогору көрүшөт. Бизге кайрылгандардын баары жөлөкпул ала алышкан эмес.

Жөлөкпул ала албай жүргөндөрдүн көпчүлүгү документ жана маалымдама кагаздарынын жоктугу себеп болот. Көпчүлүк маалымкаттарды сатып алууга туура келет. Ошону менен бирге үй-бүлө кирешеси эсепке алынып калат. Жаңы мыйзамда  болсо баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин жашаган жери боюнча маалым кат гана талап кылынат.

Социалдык чөйрөдөгү эксперт Назгүл Ташпаева Жогорку Кеңеш жөлөкпул боюнча жаңы мыйзамды кабыл алуусун суранды. Анын билдиришинче,  0,8 пайыз эл жакырчылыкта жашайт, тактап айтканда, 48 миң жаран мамлекеттен 1 421 сомдон ылдый жардам алат. Бүгүнкү күндө болсо жөлөкпулга муктаж болгон деп 279 миң адамга чегерилип жатат. Бирок муктаждар албай жатабыз дегенинен улам кимдерге берилип жатат деген суроо жаралат.

Мисалы эмгекке жарамдуу келин 7 баласы менен кайненеси менен жашайт. Келиндин айлык акысы 5 миң сомду түзөт. Ал эми кайненеси 4 миң сом пенсия алат. Ошондо бул үй-бүлөнүн жалпы кирешеси  9 миң сомду түзүп калат. Муну депутаттар көз карандысыз үй-бүлө деп эсептешет. Бирок каражат 7 баласына жетпейт.

Мыйзамга ар бир төрөлгөн балага 4 миң сомдон сүйүнчүпул берүү, ай сайын ар бир балага үч жашка чейин 700 сом берүү демилгеленип жатат. Үй-бүлөдө үч баладан көп болсо ошолор 16 жашка чейин 500 сом ала алат.

Демилге колдоо таап калса, жөлөкпул үчүн бюджеттен кошумча 1,8 млрд. сом керек болот. Өкмөт каражат табылаарын билдирген.

Бул жаңылык коомчулукта кызыгууну жаратканы менен анын ишке ашуусуна көпчүлүктүн көзү жетпей жаткандай. Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен республикалык бюджетке оорчулук келерин белгилейт.

Аталган мыйзам долбоору парламентте экинчи окууда кабыл алынган. Эгер үчүнчү окууда колдоо таап кетсе, президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Эске салсак, буга чейин ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сом сүйүнчү берүү көтөрүлгөн. Бирок демилгеге казынада акча жок деген өкмөттүн жообу менен чекит коюлуп, ошол бойдон унутулган.

Булак: Марал радиосу