Акыркы 2,5 жылдын ичинде 111 - балдар ишеним телефонуна 2,4 миңден ашык абоненттерден кайрылуулар түшкөн

Категория: 
Жанылыктар

Бишкекте 2015-жылдын 10-сентябрь айынан тартып КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдында “Балдар үчүн ишеним телефону – 111” борбору турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарга жана ата-энелерге психологиялык жана башка колдоолорду жүргүзүп келет.

Борборго күнү-түнү акысыз кайрылууга болот.  Жардам сурап чалгандарга кеп кеңештер жана психологиялык жардамдар көрсөтүлөт.  “111” телефон номуруна чалуулар боюнча учет жүргүзүлүп, кайрылган абоненттер үчүн атайын өздүк анкеталар толтурулат.

Борбордун директору Марина Джапаркулованын айтымында көбүнчө психологиялык жардам сурап чоң адамдардан көп кайрылышат. Алар балдарынын жетилип келе жаткан мезгилде кандай мамиле жасаш керектигин билишпейт.  Балдар дагы  дал ушул суроолор менен кайрылышат.  Кайрылган адамдардын маселелери ар кандай. Ошондой эле борборго анонимдүү чалса болот.

“Борбор иштегенден бери автоматташтырылган система аркылуу балдар ишеним телефонуна абоненттерден 2401 реалдуу чалуулар түшкөн. Анын ичинен 20,2% тактап айтканда 486 сы балдардан, ал эми 1915 (79,3%) чоң адамдардан келген. 1359 кайрылууларга кеңештер берилди. 303 абонентке психологиялык жардам, 739 на кайрылгандардын суроолорун тез арада чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө жиберилген”, - дейт Марина Джапаркулова.   

Жалпы кайрылуулардын 869 Бишкек шаарынан (36,2%), 345 же 14,4% Ош облусунан, 378 же 15,7%, Чүй облусунан,  188 же 7,8% Жалал-Абад облусунан, 166 же 6,9 % Нарын облусунан, 130 же 5,4 %, Ысык – Көл облусунан,  80 же 3,4% Талас облусунан,  91 Баткен облусунан жана  154 чалуулар анонимдүү келип түшкөн.

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ата-энелерди жана балдардын камкорчуларын, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүн жана коомчулукту балдарга карата зордук зомбулук, балдардын укуктары бузулууда, үй-бүлөдө чечилбеген маселелер пайда болгондо, 111 балдар ишеним телефонуна бекер чалып, борбордун кызматкерлеринен кеп кеңештерди жана психологиялык жардамдарды алууга чакырат.