Cүйүнчү пул алуу үчүн 300гө жакын кайрылуу түштү

Категория: 
Жанылыктар

2018-жылдын бир айы ичинде 270 ата-эне баласына сүйүнчү алууга документтерин тапшырды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди.

Жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн өлкө боюнча 59 шаардык жана райондук башкармалык иш алып барат.

Министрликтин маалыматында сүйүнчү пул 15-февралдан баштап берилет. Азыр министрлик Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирге төлөө жолун иштеп чыгууда.

Сүйүнчү пул берүү боюнча мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирди. Анын өлчөмү 4 миң сом.

Maral.fm