Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова “Жетим балдардын укугун коргоо” Коомдук фонду түзгөн “Жаштар үйү” менен жеринен таанышып келди

Категория: 
Жанылыктар

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова “Жетим балдардын укугун коргоо” Коомдук фонду түзгөн “Жаштар үйү” менен жеринен таанышып келди. Бул үй Новопокровкада жайгашкан.

Коомдук фонддун жетекчисинин айтымында, аталган үйдө интернат тибиндеги балдар үйүнөн чыккан 8 кыз жашайт. Бул жерде алар эки жылга чейин жашай алышат. Кыздар менен чогу жашаган социалдык кызматкер кыздарды өз алдынча жашоого жана жогорку билим алуу үчүн окуу жайларга өтүүгө даярдайт. Үйдө жашоого, эс алууга жана окууга бардык шарттар түзүлгөн. Игорь Беляев ушул сыяктуу үйдү эркек балдарга да ачууну пландап жатканын маалымдады.

Өз кезегинде, Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова балдар үйүнөн чыккан жаштардын актуалдуу көйгөйлөрүнө токтолду. Министрлик тарабынан мамлекеттик социалдык тапшырыктын алкагында мамлекеттик эмес уюмдарга финансылык колдоолор жүргүзүлүп келгендиги тууралуу маалымат берип, “Жетим балдардын укугун коргоо” Коомдук фондунун жетечиси Игорь Беляевге коомго пайдалуу долбоор сынагына катышууну сунуштады.  

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө 145 интернат тибиндеги балдар үйү бар. Анын ичинен: 63 мамлкеттик, 25 муниципалдык, 45 коммерциялык эмес уюмдар түзгөн жеке менчик жана 12 диний мекемелер. Аталган мекемелерде жашаган балдардын 5,4% гана жетим болуп эсептелет, калгандарынын ата-энелери бар.