Министр Т.Исакунова Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга Республикалык реабилитациялык бордун курулушу менен таанышып келди

Категория: 
Жанылыктар

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова Жалал-Абаддагы психоневрологиялык балдар социалдык стационардык мекеменин базасында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ылайыкталган Республикалык реабилитациялык борбордун курулушу менен жеринен таанышып келди.

 Министрликтин жетекчиси Таалайгүл Исакунова Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга сапаттуу кызматтарды көрсөтүү максатында заманбап мекеме биринчи жолу курулуп жаткандыгын белгиледи. Жаңы имаратта майыптыгы бар балдарга ар тараптуу, комплексдүү кызматтарды алууга шарт түзүлөт. Ошондой эле ата-энелерге балдарын эртең менен калтырып, кечинде алып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми бала борбордо болгон учурда керектүү социалдык кызматтарды ала алат. Министр оор дартка чалдыккан балдар менен, жана алардын ата-энелери менен иштөөдө жаңы реабилитациялык, абилитациялык жардамдарды киргизүү ыкмалары балдардын интернат тибиндеги үйлөргө түшүүнү болтурбоого алдын алуу иш аракеттерин, балдардын үй-бүлөнүн курчоосунда тарбияланууга алып келерин кошумчалады. Муну менен катар жаңы кызматкерлерди даярдоо максатында, социалдык тармакта жаңы кесиптерди окутуу пландалып жаткандыгын маалымдады.

Жалал-Абад психоневрологиялык социалдык стационардык мекеменин директору Дамира Алимжанова Республикалык реабилитациялык борбордун имараты талапка коюлган деңгээлде, аны менен бирге, кир жуучу атайын жай куруу ишери жүргүзүлгөнүн маалымдады. Директордун айтымында, 110 адамга ылайыкталган эски имарат 1970 жылы курулган. Учурда бул мекемеде түрдүү ооруга чалдыккан 4 жаштан 18 жашка чейинки 115 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жашайт. Аталган жайда медициналык, психологиялык, педагогикалык кызматтар көрсөтүлөт. Мекемеде жашаган ар бир бала, багуучу кызматкерлердин көзөмөлүнө алынган.