Министр Улукбек Кочкоров Баткен облусунун калкы менен жолугушууга барды

Категория: 
Жанылыктар

Иш сапардын алкагында  Улукбек Кочкоров Кадамжай, Лейлек, Баткен райондорунун, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Баткен шаарларынын калкы менен жолугушту. Жергиликтүү эл министрге өз көйгөйлөрү боюнча суроолорун берип, жооп алышты.

"2019-жылдын 1-январынан тарта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, дайым кароого муктаж 18 жашка чейинки балдарын карагандарга мамлекет айлык төлөп баштады. Бул долбоор алгачкы жолу ишке ашып жатат, келечекте мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша дагы өзгөрүлөр болот",-деди У.Кочкоров.

Мындан тышкары министр аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө берилүүчү жөлөк пулдун даректүү жетүүсү жөнүндө иш жүрүп жатканына токтолду.

"Айрым аймактарда чынында жөлөк пулга муктаж болгон жарандарыбыз пособие албай калган учурлар бар экен. Ошол эле маалда турмуш-шарты жакшы жарандар балдарына жөлөк пул алат деген даттануулар бар. Ошондой нааразычылыктар болбосун үчүн, ар бир район, айылдарда социалдык өнүгүү башкармалыктары жөлөк пул алуучулардын тизмесин илип жатат. Муну менен элдик көзөмөлдү күчөтүүнү максат кылуудабыз",-деди министр.