Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык мекеменин жашоочуларына жаңы ашкана курулду

Категория: 
Жанылыктар

Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык мекеменин жашоочуларына жаңы ашкананын ачылыш аземи өттү.

Салттуу кызыл лентаны Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова жана “Жароокер” Коомдук фондунун өкүлү Гульнара Сыдыкова кесишти. Министр айым спонсорлорго социалдык стационардык мекемеге ашкана ыкчам, тез арада куруп берген спонсорлорго терең ыраазычылыгын билдирип, КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйлады.

“Куруу иштери бир жарым ай мурун башталды эле. Мына бүгүн жаңы ашкананы ачып жатабыз. “Жароокер” Коомдук фондунун жардамы менен биздин мекемеде жашоочулардын өзүнчо ашканасы пайда болду. Мурда телевизор көргөн бөлмөдө, ал эми жай мезгилинде ачык асманда тамактанычу. Бул көбүнэсе ыңгайсыздык жаратчу”, - дейт Т.Исакунова.

Мекеменин директору Бурул Туманованын айтымында, учурда психлоневрологиялык социалдык стационардык мекеменин бардык аймагында таманташ коюу жана баня куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеде 194 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт. Анын ичинен 114 адам 1- топтогу майып, 80ни 2-топтогу майып болсо, 81ри ордунан тура албаган, күнү түнү кароого муктаж болгон адамдар.