Токмоктогу №2 социалдык стационардык мекемеде жаңы ашкана курулууда

Категория: 
Жанылыктар

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова  Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеде аш кананы куруу ордунда пайдубалды түптөө салтанаттуу аземине катышты.

Өз сөзүндө Таалайгүл Исакунова жардам көрсөтүп жаткан демөөчүлөргө ыраазычылык билдирип, социалдык стационардык мекемеде жашаган адамдарды күнү-түнү караган кызматкерлердин зор эмгегин белгиледи.

Аталган мекеменин директору Бурул Туманованын айтымында социалдык стационардык мекеменин имараттары эскирген. 190 адамга ылайыкталган турак-жайлар 1933-жылдары курулган.

“Мекемеде өзүнчө ашкана, баня жок болчу. Биздин кызмат алуучулар телевизор көргөн бөлмөдө, ал эми жай мезгилинде ачык асманда тамактанышат. Демөөрчүлөрдүн жардамы менен жайкы навес курулган. Учурда баня курулуп жатат. Ага Түштүк Кореянын жараны жардам берүүдө. “Жароокер” коомдук фонду ашкана куруп берүүнү мойнуна алышты. Андан тышкары Япониянын Өкмөтүнүн грант программасынын алкагында 70000 АКШ доллар өлчөмүндө грант алууга кол коюулган. Бул акча каражатына кийимдерди кургатуучу аппаратты, стол, стул жана ар бир турак-жайга жаңы линолеум менен килемдерди төшөйбүз. Ошондой эле мекеменин бардык аймагына брусчатка орнотобуз”, - дейт ал.

Учурда Токмоктогу №2 социалдык стационардык мекемеде 199 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт. Анын ичинен 122 си 1 топтогу майыптар, 87 си 2 топтогу майыптар болсо, 65 адам төшөктө жаткан жана медайымдардын дайыма кароосуна муктаж болгондор.