КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиевдин куттукттоо сөзү

Урматтуу социалдык тармактын кызматкерлери, ардактуу ардагерлер!         

Сиздерди Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана   профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктаймын!         

Биздин коомго тиешелүү өзгөчөлүктөрдүн бири - бул жакынына дайыма ылдыйда жөлөк, өйдөдө өбөк болуу. Биздин ата-бабаларыбыз илгертеден эле айткан экен: “Жакшы - эл камын ойлойт, жаман - өз камын ойлойт”- деп.

Сиздер ата-бабаларыбыздан калган мындай ыйык касиеттердин бирин өз кесибиңиздерге айландырдыңыздар.    

Ар бир эле жаран социалдык чөйрөдөгү кызматкер боло бербейт, муну жан дили менен туя билген адам гана ушундай кызматты аркалай алат. Адамды сүйүү, керт башын ойлобогондук, боорукердик, мээримдүүлүк - булар социалдык кызматкерлер ээ болгон адамдык мыкты сапаттар.  

Бүгүнкү күндө Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде 4 миңден ашык адам эмгектенип келет. Ар бир социалдык кызматкердин эң негизги милдети - калктын эң аярлуу катмарына даректүү жардам көрсөтүү. Сиздердин күнүгө аткарып жаткан милдеттериңиздер мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, улгайган жарандарга, турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөргө жана балдарга арналган. 

Кыргызча

2018- жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жарандардан 1135 арыз жана даттануулар келип түшкөн

2018- жылдын 9 айынын  жыйынтыгы боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жарандардан 1135 арыз жана даттануулар келип түшкөн, анын ичинен 23-электрондук кайрылуу. 

          Келип түшкөн арыздар кайрылуунун предмети боюнча төмөнкүдөй структурага ээ:

-          жеңилдиктерди берүү  - 15,3% (174 арыз);

-          мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө – 29,5% (335 арыз);

-          материалдык же гуманитардык жардам көрсөтүү – 11,3% (129 арыз);

-          майып тобун аныктоо жөнүндө – 4,3% (49 арыз);

-          үй-бүлөлөргө жана балдарга кызмат көрсөтүүлөр – 9,6% (109арыз);

-          укуктук маселе – 1,2% (14 арыз);

-          ДМЧА жана улгайган адамдар боюнча башкармалыгы-5,9%(67арыз)

-          Эмгек маселеси- 7,1%(81заявл)

-          Ишке орноштуруу- 4,6%(53 арыз)

-          Гендер-2

-          Гум.жардам-8

-          Коруция -3,9%(45)

-          ар кандайлар ( угуу аппараттар, үй-интернаттарга аныктоо,  СӨБтүн жетекчилерине жана кызматкерлерине даттануу,  санаторий-курортторго жолдомолор, каржылоо маселелери ж.б) – 6,0% (69арыз).

Каттардын жана арыздардын көпчүлүк бөлүгү  Бишкек ш. – 41,9%,Чүй обл.-15,2%,  Ош- 9,2%,Нарын-9,4%, И.Куль-7,0%, Жалал-Абат-8,0%, Баткен-5,3%, Талас-4,0%,   келип түшкөн.

Кыргызча

В Бишкеке прошел Республиканский фестиваль творчества людей с ОВЗ

Во Дворце спорта им. К.Кожомкула прошел заключительный Республиканский фестиваль творчества людей с инвалидностью «Мир безграничных возможностей». 

Выступая перед участниками конкурса, министр труда и социального развития Таалайгуль Исакунова отметила, что государство не должно ограничиваться только выплатой пенсий и пособий лицам с ограниченными возможностями здоровья. 

«Сегодня перед государством стоят новые цели, новые задачи и новые приоритеты. Мы должны предоставить безграничные возможности людям с инвалидностью. При этом, создавать благоприятные условия, позволяющие вести полноценный образ жизни, чтобы люди с ограниченными возможностями здоровья активно участвовали в экономической и политической жизни общества», - сказала она.

На конкурсе приняли участие 25 талантливых ЛОВЗ со всех регионов республики. По окончании мероприятия всем конкурсантам были вручены ценные подарки и благодарственные письма.

Кыргызча

ЭжСӨМ жана МКК “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдү жерлерде берүү боюнча мониторинг жүргүзөт

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдү жерлерде берүү боюнча мониторинг жүргүзүүгө ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынын өткөрдү. Ага Министрликтин жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери катышышты. 

“Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдү жерлерде берүү боюнча мониторинг жүргүзүү үстүбүздөгү жылдын август айында өткөрүлөт.

Министрлик маалымдагандай, мониторингдин жыйынтыгында жарандар “балага сүйүнчү” алууда көйгөйлүү маселелер аныкталып, 4 миң сом өлчөмүндө берилген бир жолку акчалай төлөмдөрдүн азыркы жол - жоболоруна  өзгөртүүлөр киргизилет.

Быйылкы жылдын февраль айында Министрлик Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте бирдиктүү терезенин негизинде жарандардын арыздарын кабыл алуу үчүн пилоттук долбоорду ишке киргизген. Бул долбоордун алкагында жарандар “балага сүйүнчү” алуу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна, ЖАКК органдарына жана маалымат күркөлөрүнө кайрылуусу зарыл.  

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө республикада бала төрөлгөндө берилүүчү “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн 39 миңге жакын жарандар алышты. Буга мамлекеттик бюджетте 158,7 млн. сом бөлүндү.

Кыргызча

“Катар-Чарити” кайрымдуулук уюму майыптыгы бар адамдар үчүн 100 кресло-коляскаларды Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине берди

 “Катар-Чарити” кайрымдуулук уюму  майыптыгы бар адамдар үчүн 100 кресло-коляскаларды Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине берди.

Аталган жардам Министрлик менен Кайрымдуулук уюмуну 2017-жылдын ноябрь айында кол коюлган келишимдин алкагында берилгенин Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова белгиледи. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын ичинде “Катар-Чарити” кайрымдуулук уюму дагы 900 кресло-коляскалар менен камсыз кылышат.

Учурда берилген жардамдын алкагында Министрлик кайрымдуулук уюму менен бирге Бишкек шаарында жана Чүй облусунда коляскаларды таркатуу акциясын өткөрүүдө. Акцияга Жогорку Кенештин депутаттары  да катышууда.  

Бүгүнкү күндө депутат Эльвира Сурабалдиева сегиз ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, ошондой эле депутат Урматбек Самаев он колясканы майыптыгы бар адамдарга тапшырышты.

Министрлик билдиргендей коляскаларды тапшыруу акциясы Кыргызстандын башка региондорунда дагы өткөрүлөт.

Кыргызча

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Мамлекеттик социалдык заказ программасына жана 2018 жылга мамлекеттик социалдык заказ программасын ишке ашыруу планына ылайык кайрадан коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын  15-декабрындагы     № 814 токтому менен бекитилген Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, 2018 -жылдын 25-июнунан   баштап  27-августуна  чейин  2018- жылга карата  Мамлекеттик социалдык заказ программасына жана 2018 жылга мамлекеттик социалдык заказ программасын ишке ашыруу планына  ылайык кайрадан коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун жарыялайт.

Конкурстун катышуучуларына карата талаптар:

1. "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдө өз ишин жүргүзгөн, конкурстун жарыяланган темасынын чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу салыктары жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок коммерциялык эмес уюмдар (саясий партиялардан тышкары) конкурстун катышуучулары боло алышат.

Кыргызча

Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө берилчү жөлөкпулдардын даректүүлүгү күчтөндүрүлөт

Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө берилчү жөлөкпулдардын даректүүлүгү күчтөндүрүлөт. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. 

“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жаатындагы бир катар жоболор, анын катарында  аз камсыздалган балалуу муктаж үй-бүлөлөргө ай сайын берилчү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчтөндүрүү тууралуу жобо бекитилген.

Натыйжада, 2018-жылдын 1-июлунан тарта үй-бүлөнүн аз камсыздалгандыгы боюнча жөлөкпулга муктаждыгы аныкталган учурда:

- пенсиянын бардык түрү эске алынбайт. Бул өз балдары жана неберелери менен биргеликте жашап жаткан пенсионерлерге өз каражатын жеке муктаждыктарын канааттандырууга багыттоого мүмкүндүк берет;

- жөлөкпулду дайындоодо айыл чарба жандыктарын эске алуу шарттары кайра каралып, жер үлүштөрүнөн жана короого караштуу участкалардан алынган кирешелердин жаңы ченемдеринин долбоорлору иштелип чыкты.

Мында «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун айлык кирешенин бир адамга карата өлчөмү кепилденген минималдык кирешеден – 900 сомдон ашпаган үй-бүлөлөр алат. «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмү 810 сом суммасында каралган.

Кыргызча

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденованын катышуусунда Сокулук районунун Балдар иштери боюнча комиссиясынын жыйыны өттү

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденованын катышуусунда Сокулук районунун Балдар иштери боюнча комиссиясынын жыйыны өттү. Анда белгисиз адам тарабынан зордуктоо аракетин жасаган 10 жашар кызга жана анын ата-энесине ар тараптуу жардамдарды көрсөтүү маселеси каралды.  

Жыйында Комиссиянын мүчөлөрү тилекке каршы, акыркы жылдары жашы жете элек балдарга карата зордук-зомбулук фактылары көбөйүп  жаткандыгын айтып, кылмышкерлерди мыйзам чегинде жазалоону күчөтүүнү белгилешти.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова жалпыга маалымдоо каражаттары көп учурда зордука кабылган балдар жөнүндө толук маалымат жарыялаганда (мисалы: ата-эненсинин же расмий камкорчунун макулдугусуз баланын сүрөттөрү ЖМК жайгаштырылса) балдардын кийинки тагдырына терс таасир этээрин баса белгиледи. “Ошондуктан, айрыкча, сексуалдык мүнөздөгү зордук – зомбулук маселесин чагылдырылганда биринчи кезекте баланын кызыкчылыгын ойлоп, келекчекте жашоосуна доо кетпегендей маалымат берүү зарыл”, - дейт ал.

Кыргызча

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова “Жетим балдардын укугун коргоо” Коомдук фонду түзгөн “Жаштар үйү” менен жеринен таанышып келди

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова “Жетим балдардын укугун коргоо” Коомдук фонду түзгөн “Жаштар үйү” менен жеринен таанышып келди. Бул үй Новопокровкада жайгашкан.

Коомдук фонддун жетекчисинин айтымында, аталган үйдө интернат тибиндеги балдар үйүнөн чыккан 8 кыз жашайт. Бул жерде алар эки жылга чейин жашай алышат. Кыздар менен чогу жашаган социалдык кызматкер кыздарды өз алдынча жашоого жана жогорку билим алуу үчүн окуу жайларга өтүүгө даярдайт. Үйдө жашоого, эс алууга жана окууга бардык шарттар түзүлгөн. Игорь Беляев ушул сыяктуу үйдү эркек балдарга да ачууну пландап жатканын маалымдады.

Өз кезегинде, Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова балдар үйүнөн чыккан жаштардын актуалдуу көйгөйлөрүнө токтолду. Министрлик тарабынан мамлекеттик социалдык тапшырыктын алкагында мамлекеттик эмес уюмдарга финансылык колдоолор жүргүзүлүп келгендиги тууралуу маалымат берип, “Жетим балдардын укугун коргоо” Коомдук фондунун жетечиси Игорь Беляевге коомго пайдалуу долбоор сынагына катышууну сунуштады.  

Кыргызча

Министр Т.Исакунова Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга Республикалык реабилитациялык бордун курулушу менен таанышып келди

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова Жалал-Абаддагы психоневрологиялык балдар социалдык стационардык мекеменин базасында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ылайыкталган Республикалык реабилитациялык борбордун курулушу менен жеринен таанышып келди.

 Министрликтин жетекчиси Таалайгүл Исакунова Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга сапаттуу кызматтарды көрсөтүү максатында заманбап мекеме биринчи жолу курулуп жаткандыгын белгиледи. Жаңы имаратта майыптыгы бар балдарга ар тараптуу, комплексдүү кызматтарды алууга шарт түзүлөт. Ошондой эле ата-энелерге балдарын эртең менен калтырып, кечинде алып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми бала борбордо болгон учурда керектүү социалдык кызматтарды ала алат. Министр оор дартка чалдыккан балдар менен, жана алардын ата-энелери менен иштөөдө жаңы реабилитациялык, абилитациялык жардамдарды киргизүү ыкмалары балдардын интернат тибиндеги үйлөргө түшүүнү болтурбоого алдын алуу иш аракеттерин, балдардын үй-бүлөнүн курчоосунда тарбияланууга алып келерин кошумчалады. Муну менен катар жаңы кызматкерлерди даярдоо максатында, социалдык тармакта жаңы кесиптерди окутуу пландалып жаткандыгын маалымдады.

Кыргызча

Pages