Министр труда и социального развития Кудайберген Базарбаев посетил Беловодское социальное учреждение для детей с ограниченными возможностями здоровья

Министр труда и социального развития Кудайберген Базарбаев посетил Беловодское социальное учреждение для детей с ограниченными возможностями здоровья. Об этом сообщает пресс-служба ведомства.

«Сегодня повсеместно внедряются минимальные социальные стандарты, то есть основные критерии качества услуг, которые должны предоставлять любые социальные учреждения, хоть государственные, хоть частные. В этом году провели семинар для представителей НПО, которые работают с нами в рамках государственного социального заказа», - рассказал министр.

По словам Кудайбергена Базарбаева, в прошлом году министерство поддержало 36 проектов на сумму 22,5 млн. сомов.

«Наша задача – открыть центры дневного пребывания или дома семейного типа в каждом районе. За последние два года удалось открыть порядка 15 таких учреждений для пожилых граждан, детей и взрослых с ограниченными возможностями здоровья, женщин и детей, оказавшихся в трудной жизненной ситуации. Как показал первый наш опыт по открытию первого дома семейного типа в г.Шопоков, новые стандарты работают очень эффективно. Двое детей в новом году будут воссоединены с своими семьями», - рассказал министр.

Кыргызча

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнѳлүк Азык-Түлүк Программасынын алкагында Тогуз-Торо райондук социалдык ѳнүгүү башкармалыгы айыл аймактардын өкүлдөрү менен биргеликте бир топ иштерди аткарды

“Тогуз-Торо районунда «Социалдык коргоонун улуттук тутумун ѳнүктүрүүгѳ жана коомдоштуктун социалдык–экономикалык туруктуулугун жогорулатууга кѳмѳк кѳрсѳтүү» ѳнүктүрүү долбооруна 2014-жылы Каргалык, 2015-жылы  Кѳк-Ирим, 2016-жылы Сары - Булун айыл аймактары пилоттук болуп киришти”, - дейт Тозур-Торо башкармалыгы.

Берилген маалымат боюнча Каргалык, Кɵк-Ирим айыл аймагында райондук социалдык ѳнүгүү башкармалыгынын демилгеси менен «Үй шартында кондитердик азыктарды даярдоо» боюнча  аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳрдѳн 80 аял, «Тигүүчүлүктү үйрѳнүү» боюнча 57 аял окушуп сертификаттарга ээ болушту. Ал эми  жашылчаларды ѳстүрүү боюнча 67 аял, бак ѳстүрүү боюнча 10 адам, чарабай каналын тазалоо боюнча 13 адам катышышты. «Үй шартында кондитердик азыктарды даярдоо» жана «Тигүүчүлүктү окутуу» долбооруна Каргалык айыл аймагынын бюджетинен 89 000сом жана Кɵк-Ирим айыл аймагынын бюджетинен 5000    сом бѳлүнүп берилген.

Бүгүнкү күндѳ Каргалык айыл аймагында  8 долбоор ишке ашып,  жалпы 150 адам тартылып, 16,9 тонна ун, 1,5 тонна май  менен камсыз болушту.

Кыргызча

Манас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы кайрылган жарандардын жеке маселелерин мыйзам чегинде чечилишин камсыз кылууда

Манас райондук социалдык башкармалыгынын «Социалдык кепилдиктерди чектөө» бөлүмүнү 43 жаранга социалдык төлөмдөрдү чегеришти. Бул тууралуу 4 январда, басма сөз кызматы маалымдайт.

Ошону менен бирге аталган бөлүмдүн кызматкерлери мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн мөөнөтү бүткөн айрым аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тиешелүү документтердин негизинде мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн мөөнөтүн узартуу иштерин жүргүзүштү.

Андан тышкары, башкармалыктын күн сайын жеке маселелер боюнча кайрылган жарандарды кабыл алып, алардын кайрылган маселелерин мыйзам чегинде чечилишин камсыз кылышууда.  2015-жылдын 14-декабрынан 19-декабрына чейин Манас    райондук  социалдык    өнүгүү башкармалыгына  жалпысынан 76 атуул кайрылышкан. Анын ичинен 28 атуул ооз эки ал эми, 48  атуул жазуу жүзүндө кайрылышкан.  Арыз ээлери башкармалыкка төмөнкү суроолор менен кайрылышкан: бала асырап алуу боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул чегерүү, сөөк коюуга жөлөкпул чегерүү боюнча, майыптык кол араба алуу боюнча, мамлекеттик жөлөкпул чегерүү боюнча кайрылышкан. Ал эми оозеки кайрылышкан 28 кайрылуунун ичинен 1 атуул башкармалыктын жетекчисине кайрылса, 4 атуул жетекчинин орун басарына. Ал эми калган атуулдарга башкармалыктын тиешелүү бөлүм, секторлору кабыл алышып, ар бир жаран канааттандыраарлык жоопторду алышты.

 

Кыргызча

Тогуз-Торо районунда жɵлɵкпул алуучулардын туура дайындалышы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө

Тогуз-Торо райондук эмгек жана социалдык ɵнʏгʏʏ башкармалыгынын социалдык кепилдиктерди чектɵɵ бɵлʏмундɵ «Балдары бар аз камсыз болгон ʏй-бʏлɵлɵргɵ ай сайын берилʏʏчʏ жɵлɵкпулдардын даректʏʏлʏгʏн кʏчɵтʏʏ жɵнʏндɵгʏ» буйругунун  негизинде айыл ɵкмɵттɵр тарабынан сунушталып жаткан ар бир жɵлɵкпул алуучулардын туура дайындалышы боюнча жана дайындоонун ачык-айкындыгын далилдɵɵ максатында ʏймɵ-ʏй кайчылаш текшерʏʏлɵр жʏргʏзʏлʏп турат. Ошондой эле айыл ɵкмɵтʏ, мекеме, ишканалар тарабынан берилип жаткан маалымкаттардын тууралыгы жɵнʏндɵ тосмо текшерʏʏлɵр жʏргʏзʏлʏʏдɵ.

Натыйжада, 2015-ж. IV кварталында айыл ɵкмɵттɵрʏнɵн сунушталган 221 делонун ичинен 16 жɵлɵкпул алуучунун киреше булактары жана даректʏʏлʏгʏ туура эмес экендиги аныкталып жɵлɵкпул чектɵɵдɵн баш тартылды. Ѳткɵн жылдын IV кварталы менен салыштырмалуу аз камсыздыгы бонча ай сайын жолокпул алуучулар  64 ʏй- бʏлɵгɵ азайды.

“Ошондой эле калк арасында даректʏʏлʏк боюнча семинарлар ɵткɵрʏлʏп, тʏшʏндʏурʏʏ иштери жʏргʏзʏлʏп турат”, - дейт Тогуз-Торо райондук башкармалык.

 

Кыргызча

Шопоков шаарында министр Жаңы жыл майрамына карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттуктады

Чүй облусунун Шопоков шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялаган социалдык мекеменин тарбиялануучулары үчүн Жаңы жыл майрамы уюштурулду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада аталган министрликтин башчысы Кудайберген Базарбаев балдарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, белектерди тартуулады. Мындан тышкары балдар үчүн Аяз ата жана Аяз кыздын катышуусунда программа менен майрамдык дасторкон уюштурулду. Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин өкүлчүлүгүнүн башчысы Юки Мокуо жана Шопоков шаарынын мэри Сулейман Умаралиев да балдарга белектерди тапшырышты.

Super.kg

Кыргызча

Талас шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көмүр таратып берди

Талас шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы Улуу Ата Мекендик согуштун  ардагерлерине, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көмүр таратты. Бул тууралуу басма сөз кызматы маалымдайт.

2015-2016-жылдын кышка даярданууга  карата Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен, Талас шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турган  Улуу Ата Мекендик согуштун  8  ардагерине ар бирине 500 килограммдан 4 тонна көмүр 18500 сомго, аз камсыз, жалгыз бой жана ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген  50 адамга 200 килограммдан  10 тонна көмүр  45000 сомго сатып алынып таратылган. Жалпысы 14 тонна көмүр 63500 сомго алынган.

 

Кыргызча

Кудайберген Базарбаев КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: “Зомбулук жасаган адамды Мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартып, катуу жазалоо керек”

Кайсы гана өлкө болбосун мамлекеттин камкордугуна муктаж болгон адамдар чыгат. Өкмөттөн дайыма колдоо күткөн калктын аярлуу катмары менен иш алып барган министр Кудайберген Базарбаевди кепке тартып, кандай көйгөйлөр чечилгендиги  тууралуу маалымат алдык.

-  Кудайберген мырза, жыл башында эле балдарга карата зордук зомбулук аныкталган. Буга каршы ийгиликтүү иш-чаралар жасалдыбы?

- Тилекке каршы коомубузда балдарга зордук болуп жаткан фактылар катталууда. 90 пайыз жакын адамдар тарабынан жасалса, 10 пайыз гана чочун кишилер экени белгилүү. Зомбулук жасаган адамды Мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартып, катуу жазалоо керек деп эсептейм.

Кыргызча

Кудайберген Базарбаев, КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: “Тил – элдин байлыгы ”

Өлкөбүздө социалдык жактан коргоо багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев менен маек курдук.

Кыргызча

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Траст Фондусунун долбоору боюнча медиа кампания өткөрүү консультанттарды тандоо үчүн сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Траст Фондусунун “Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук проблемасын мамлекет менен жарандык коомдун координациялык таасир берүү жолу менен чечүү” долбоору боюнча медиа кампания өткөрүү, консультанттарды тандоо жана негизги изилдөөнү жүргүзүү максатында түз келишим түзүү усулунда конкурс жарыялайт. Кызыкдар адамдар https://zakupki.gov.kg сайтына 2015-жылдын 15 декабрь айынын саат 14:00 чейин табыштама берип төмөнкү дарекке кайрылуусу зарыл. Бишкек шаары, Тыныстанов көч. 215, 3-кабат, 300 каб. Тел. номери  624532.

Кыргызча

Депутат Бекешев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жетиштүү билим ала албай жатышканын айтты

"Кыргыз мамлекетинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жетиштүү деңгээлде билим албай жатышат". Муну депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 10-декабрдагы жыйынында билдирди.

"Бишкек жана Ош шаарларында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окута турган атайын мектептер бар, бирок айыл жергесинде мындай шарт жок. Өкмөт мындай балдарга билим берүүнүн абалын иликтеп чыгып, аларга билим берүү шартын жакшыртуу чараларын көрүүгө тийиш. Балдарга үйдөн билим берүү тажрыйбасын караштырса жакшы болмок. Айыл мектептеринин билим берүү жагын да караштыруу керек. Ал үчүн балдарды мектепке жеткирүү, сабактан кийин алып келүү маселелерин чечүүгө туура келет",- дейт Бекешев.

Super.kg

 

Кыргызча

Pages