Токмоктогу №2 социалдык стационардык мекемеде жаңы ашкана курулууда

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова  Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеде аш кананы куруу ордунда пайдубалды түптөө салтанаттуу аземине катышты.

Өз сөзүндө Таалайгүл Исакунова жардам көрсөтүп жаткан демөөчүлөргө ыраазычылык билдирип, социалдык стационардык мекемеде жашаган адамдарды күнү-түнү караган кызматкерлердин зор эмгегин белгиледи.

Аталган мекеменин директору Бурул Туманованын айтымында социалдык стационардык мекеменин имараттары эскирген. 190 адамга ылайыкталган турак-жайлар 1933-жылдары курулган.

“Мекемеде өзүнчө ашкана, баня жок болчу. Биздин кызмат алуучулар телевизор көргөн бөлмөдө, ал эми жай мезгилинде ачык асманда тамактанышат. Демөөрчүлөрдүн жардамы менен жайкы навес курулган. Учурда баня курулуп жатат. Ага Түштүк Кореянын жараны жардам берүүдө. “Жароокер” коомдук фонду ашкана куруп берүүнү мойнуна алышты. Андан тышкары Япониянын Өкмөтүнүн грант программасынын алкагында 70000 АКШ доллар өлчөмүндө грант алууга кол коюулган. Бул акча каражатына кийимдерди кургатуучу аппаратты, стол, стул жана ар бир турак-жайга жаңы линолеум менен килемдерди төшөйбүз. Ошондой эле мекеменин бардык аймагына брусчатка орнотобуз”, - дейт ал.

Кыргызча

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын  15-декабрындагы     № 814 токтому менен бекитилген Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, 2018 жылдын 15 майынан   баштап 19 июнуна чейин  2018 жылга карата  Мамлекеттик социалдык заказ программасына жана 2018 жылга мамлекеттик социалдык заказ программасын ишке ашыруу планына  ылайык коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун жарыялайт - жугуу

Кыргызча

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери сыналгы белекке алышты

Бүгүн, 8-майда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Бишкек шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жана карылардын социалдык стационардык мекемесинде жашаган Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлер менен жолугуп, аларга сыналгы белек кылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакуноваардагерлерге согуш учурундагы эрдиги үчүн ыраазычылык айтып, белектерди тапшырган.

"Сиздер биздин жаркын келечек үчүн күрөштүңүздөр. Аталарыбыздын биздин эркиндигибиз, көз карандысыздыгыбыз үчүн тайманбаган эрдиги менен сыймыктанабыз. Жылдан жылга биздин ардагерлер азайып баратканы өкүндүрөт. Аларды барктап алуу биздин милдет", - деген ал.

Ошондой эле ардагерлер материалдык колдоого караганда көңүл бөлүүгө, жакшы сөз угууга көбүрөөк муктаж экендигин кошумчалаган.

http://www.super.kg/kabar/news/231225/

 

Кыргызча

Министр Таалайгүл Исакунова Ыссык-Көл облусунун Тоң районун Боконбаев айылындагы “Шоола Кол” коомдук бирикменин ишмердиги менен таанышып чыкты

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова Ыссык-Көл облусунун Тоң районун Боконбаев айылындагы “Шоола Кол” коомдук бирикменин ишмердиги менен таанышып чыкты.

Жолугуушууда “Шоола Кол” коомдук бирикменин төрагасы Антонина Ли жаш баланын өнүгүшү үчүн, эрте жана өз убагында кийлигишүү программасын Кыргызстанда жалгыз гана ал жетектеген бирикме жүргүзүп жаткандыгы тууралуу айтып,  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы баланы жана энени коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 2014-2015 – жылдарда жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгын маалымдады. Анда 0 дон 3 жашка чейинки балдарда акылынын кем өөрчүсү жана соматикалык оорулар аныкталган.  Иликтөөгө алынган балдардын жалпы санынын ичинен:

- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Боконбаев айылында  -  57,8%;

- Нарын шаарында – 64,7%;

- Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы Жер айылында - 73,2%.

“Негизинен, майыптык тармагында иштеген мекемелер майыптыктын кесепети менен иш алып барышат. А биз майыптыкты алдын алуу боюнча иш аракеттерди жүргүзөбүз. Бул өтө маанилүү, себеби, акыркы жылдары балдар арасында майыптык өсүүдө. Мунун жыйынтыгында көп ата-энелер өз балдарынан баш тартууда. Биздин милдет – майыптыкты алдын алуу жана азайтуу ыкмаларын Кыргызстанда өнүктүрүү жана анын маанилүүлүгүн көрсөтүү” – дейт Антонина Ли.

Кыргызча

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгынын урматына Президенттин фондунан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 15 000 сом бир жолку акчалай төлөмдөрдү алышат.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгынын урматына Президенттин фондунан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 15 000 сом бир жолку акчалай төлөмдөрдү алышат. Бул максатка КР Президенти Сооронбай Жээнбеков 7 млн. сомдон ашык каражат бөлүп берди.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 475 согуштун ардагерлери бар. Анын ичинен 128 согуштун майыптары, 299 согуштун катышуучулары, 23 концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 25 Ленинград блокадачылары.

Министрлик билдиргендей, Кыргыз Республикасында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык колдоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган ай сайын жана жыл сайын берилүүчү төлөмдөр түрүндө жүргүзүлөт.

Ай сайын жеңилдиктердин ордуна төлөнүүчү акчалай компенсациялар:

  • УАМСтун майыптары, катышуучулары, концлагердин жашы жете элек туткундары, Ленинград блокадачылары – 7000 сом;
  • УАМСта каза болгон аскерлердин жесирлери – 1000 сом;
  • майыптуулугу бар ооруктун эмгекчилери – 2000 сом;
  • майыптыгы жок ооруктун эмгекчилери – 1000 сом;
  • эмгек армиячылары – 2000 сом;
  • УАМСтун майыптарынын, катышуучуларынын жана Ленинград

блокадчыларынын жесирлери – 1000 сом.

Ай сайын өмүр бою төлөнүүчү стипендиясы;

Кыргызча

Тоң районунда кароого муктаж 13 баланы убактылуу багууга алган үй-бүлө мындай аракеттерин улантарын айтат

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова Ысык-Көлдүн Тоң районундагы багуусуз калган 13 баланы асыраган үй-бүлө менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ата-эненин кароосуна муктаж болгон балдарды багып алган үй-бүлөнүн колунда учурда бир кыз багылып жатат.

"Биз Айзиректи (аты өзгөртүлдү) карап, багууга жакында эле алдык. Буга чейин күйөөм экөөбүз багуусуз же убактылуу кароого муктаж болгон 12 баланы бактык. Өзүбүздүн балдарыбыз чоңоюп, баары өз алдынча үй-бүлөлүү болушкан. Өздөрүнүн балдары бар. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын же ата-энесиз балдарды көргөндө биздин аларга жардам, билим бергибиз келет. Биз баккан балдардын арасында бир тамганы да тааныбай келгендер болгон. Биз аларга жазганды, окуганды үйрөттүк. Күйөөм экөөбүз алдыда да мындай аракетибизди токтотпойбуз", - деген багууга муктаж болгон балдарды баккан Төлөсүн Майтыкова.

Министр Исакунова аталган үй-бүлө менен болгон жолугушуусунда, министрлик учурда мындай үй-бүлөлөрдүн санын көбөйтүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатканын белгилеген.

Кыргызча

Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

Бишкек шаары, 2018-жылдын 28-февралы № 117

Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө

Дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:

- 2018-жылдын 3-мартындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-мартындагы иш күнүнө;

- 2018-жылдын 28-апрелиндеги дем алыш күнү 2018-жылдын 30-апрелиндеги иш күнүнө;

- 2018-жылдын 7-майындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 3-сентябрындагы иш күнүнө;

- 2018-жылдын 3-ноябрындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-ноябрындагы иш күнүнө;

- 2018-жылдын 29-декабрындагы жана 2019-жылдын 5-январындагы дем алыш күндөрү 2018-жылдын 31-декабрындагы жана 2019-жылдын 2-январындагы иш күндөрүнө ылайыкталып которулсун.

2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине:

Кыргызча

КР ЭжСӨМ: 2018-жылдын 1-июлунан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөгө жөлөкпул дайындоо үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо пенсиянын бардык түрү эсепке алынбайт

2018-жылдын 1-июлунан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөгө жөлөкпул дайындоо үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо пенсиянын бардык түрү эсепке алынбайт. 

Ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» жаңы Мыйзамына ылайык 16 жашка чейинки балдарга «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун үй-бүлөнүн муктаждыгын эске алуу менен, киши башына кирешеси кепилденген минималдуу киреше өлчөмүнөн төмөн болгон үй-бүлөлөргө дайындалат. Учурда кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү 900 сомду түзөт.

Министрлик маалымдагандай, бүгүнкү күндө аталган жөлөкпулдар 264 410 балага республикалык бюджеттен төлөнүп берилет, ал эми жөлөкпулдун орточо өлчөмү 875 сомду түзөт.

Мындан тышкары, Мыйзамга ылайык «балага сүйүнчү» - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм 2018-жылдын 1-январынан тартып жаңы төрөлгөн балдардын баарына, алардын төрөлгөн жерине карабастан бирдей өлчөмдө – 4000 сомдон төлөп берүү каралган. Жыл башынан тартып бир жолку берилүүчү акчалай төлөмдү 7605 үй-бүлө алган.

Мыйзам 2018-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө киргендигин Министрлик эскертет.

Кыргызча

Кыргызстанда социалдык контракты ишке ашыруу улантылат

Аламүдүн райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы социалдык контрактын алкагында жөлөкпулдарды төлөө тажрыйбасы менен Чуй облусунун шаардык/райондук социалдык өнүгүү башкармалыктары менен бөлүштү. Бул туралуу КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Социалдык контракттын алкагында аталган райондо мамлекет тарабынан 20 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлгөн. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова  Чүй облусунун шаардык\райондук социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери менен биргеликте 8 үй- бүлөгө барышты.  

Алардын бири Тиллахан Хафизова өзү жана жолдошу иштебей турганын, жети баланы тарбиялап жатканын айтып, долбоор аркылуу балдарына каралган жөлөкпулдун бир жылдык суммасына уй сатып алганын маалымдады.

Министр Таалайгүл Исакунова социалдык контракт – аз камсыз болгон үй-бүлөрдү турмуштук оор кырдаалдан чыкканга, калктын экономикалык жигердүүлүгүнө жана калктын жан бактылык маанай көйгөйүн чечүүгө жол ачарын белгиледи.

Кыргызча

Бишкекте Гүлүм Касымбаеванын отчеттук концерти өтөт

Көптөгөн күйөрмандардын өтүнүчтөрүнө байланыштуу Гүлүм Касымбаева - КР Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү 2018-жылдын 18 мартында Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда чыгармачылык отчеттук кечесин өткөрөт. Бул кечеге КР Президентинин, Өкмөтүнүн Аппараттарынан, КР Жогорку Кеңешинин жана башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү чакырылган.

Гүлүм Касымбаева мүмкүнчүлүгү чектелгендигине карабастан бир нече конкурстарга катышып келген. 2016-жылы Японияда өткөн “Дүйнө эли япон тилинде ырдашат” аттуу эл аралык конкурста 1 – орун, 2017 – жылы Кыргыз-Япон кызматташтыгынын 25 жылдыгына карата дагы бир ирээт Кыргызстанды таанытып келди, андан соң КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КТРКсы биргелешип уюштурган “ЭСИМДЕ” сынагында баш байгени жеңип алган.

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Гүлүм Касымбаеваны колдоо максатында жарандарды аталган  концертине катышып кетүүнү өнүнөт.

Билет алуу үчүн байланыш телефону: 0555 927381.    

Кыргызча

Pages