“Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 9-мартында жарандык коомдон гранттык комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө конкурс жарыяланган

Кыргыз  Республикасынын  Эмгек  жана  социалдык  өнүгүү  министрлиги, Кыргыз  Республикасынын “Мамлекеттик  социалдык  заказ жөнүндө” Мыйзамын  ишке  ашыруу  максатында 2018-жылдын                                 9-мартында  жарандык коомдон  гранттык комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө конкурс  жарыяланган.

Бүгүнкү  күндө, талапкерлерден  келип  түшкөн сунуштардын саны жетишсиз болгондугуна  байланыштуу, гранттык комиссиясынын курамын түзүү  үчүн конкурсту Министрлик  кайрадан талапкерлерден сунуштарын кабыл  алууну узартылгандыгын жарыялайт.

Жарандык коомдун талапкерлеринен   гранттык комиссиянын курамын тандоого төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш: 

  • коммерциялык эмес уюмдун атынан гранттык комиссиянын курамына талапкерди сунуштоо жөнүндө кат;
  • талапкерлердин   арызы тандоого катышуу үчүн; 
  • билими жөнүндө маалымат, иш  тажрыйбасы, кесиптик  билимдерге жана коомдук  ишин  көрсөтүү  менен  өмүр баяны, байланыш телефону, электрондук дареги, почталык дареги.

Конкурска  катышуу үчүн документтерди 2018-жылдын 23-мартына чейин Социалдык  камсыз кылуу Департаменти  кабыл алат.

Кыргызча

КР ЭжСӨМ: Чүй мектеп интернатынын эки тарбиялануучусун багып алуу маселесин териштирүү максатында ведомство аралык комиссия түзүлдү

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Чүй мектеп интернатынын эки тарбиялануучусун багып алуу маселеси боюнча кызматтык териштирүү максатында Министрликтин тескемеси менен ведомство аралык комиссия түзүлгөндүгү тууралуу маалымдайт. Чүй мектеп-интернаты Билим берүү жана илим министрлигинин системасына киргендигине жана Чүй районун аймагында жайгашкандыгына байланыштуу комиссиялык топко Ички иштер министрлигин, Билим берүү жана илим министрлигин жана Чүй районун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү киргизилген.

Учурда бул маселе укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлгө алынгандыгын Министрлик маалымдайт. 

Кыргызча

Бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө жөнүндө жарандардын арыздарын каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу башталууда

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Аталган чечим бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө процедурасын жеңилдетүү максатында кабыл алынды. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы №1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын алкагында бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөөнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргызча

Cүйүнчү пул алуу үчүн 300гө жакын кайрылуу түштү

2018-жылдын бир айы ичинде 270 ата-эне баласына сүйүнчү алууга документтерин тапшырды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди.

Жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн өлкө боюнча 59 шаардык жана райондук башкармалык иш алып барат.

Министрликтин маалыматында сүйүнчү пул 15-февралдан баштап берилет. Азыр министрлик Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирге төлөө жолун иштеп чыгууда.

Сүйүнчү пул берүү боюнча мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирди. Анын өлчөмү 4 миң сом.

Maral.fm

Кыргызча

Жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пул бериле элек. Министрлик сүйүнчү пулду жеңил жол менен алуунун жолдорун карап жатат

Жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү пул берүү боюнча мыйзам 1 январда күчүнө киргени менен, азырынча эч ким сүйүнчүпул ала элек. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 30-январда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева билдирди. Анын айтымында, учурда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Мамлекеттик каттоо кызматы сүйүнчү пулду жеңил жол менен алуу жолдорун иштеп чыгышууда.

"Аталган эки мекеме сүйүнчү пулду алуунун жолдорун автоматташтыруунун жана болушунча жөнөкөйлөтүүнүн үстүнөн иштеп жатат. Жалпак тил менен айтканда, сүйүнчү алуу үчүн ата-эне каттоо кызматынан баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүккө арыз берип жатып эле сүйүнчү пул алууга да арыз берип коё алат. Андан сырткары, жарандын абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) жана калкты тейлөө борборлоруна да арыз беришсе болот", - деди Кадыралиева.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча өлкө аймагында 363 маалыматтык киоска, 58 жарандын абалдык актыларын каттоо (ЗАГС) жана 22 калкты тейлөө борборлору бар.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкө аймагында 2018-жылы болжолдуу түрдө 159 миң ымыркай төрөлүшү мүмкүн.

Булак: Super.kg

Кыргызча

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн май куюучу 10 жайдын даректери (тизме)

Интернетке коомдук ишмер Аскар Турдугуловдун кезектеги видеосу жарыяланды. Анын буга чейин да коомдук жайларда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ылайыктуу шарттар түзүлгөндүгүнө байкоо жүргүзүп келгендиги белгилүү.

Бул жолу Турдугулов "Газпромнефттин" Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишиндеги май куюучу жайында эксперимент жүргүзгөн. Анда аталган даректеги май куюучу жай ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ыңгайлуу экендиги белгилүү болгон.

"Газпром нефть Азия" ишканасынан маалымдалгандай, учурда аталган компаниянын май куюучу 10 жайында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн комплекстүү шарттар каралган:

1. Дүкөнгө кирүүгө ылайыкташкан пандустар;

2. Дүкөндүн ичинде араба менен жүрүүгө ыңгайлашкан кенен коридорлор;

3. Товарлар жайгашкан ачык текчелер жана муздаткычтар;

4. Атайын кармагычтары жана жардамга чакыруу үчүн баскычтары бар дааратканалар жайгашкан. Эгер кардарга жардам керек болуп калса, ал май куюучу жайдын кызматкерин атайын баскычты басып чакыра алат.

Унаага май куюу же башка кызматтарды пайдалануу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар машинанын сигналын 3 жолу басышы керек же колун шилтөөсү зарыл. Бул учурда май куюучу жайдагы жумушчулар чыгып, кызмат көрсөтүүсү керек.

Кыргызча

Активисттер жөлөкпул мыйзамын колдоп чыкты

Активисттер жөлөкпул боюнча жаңы мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алуусун суранышты. Жаңы мыйзам калк арасындагы жакырчылыкты жоюуга өбөлгө болот. Учурда мыйзам долбоору парламентте экинчи окуудан өткөн. Эгерде кабыл алынып калса, үч жашка чейин ар бир балага жөлөкпул берилет.

Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушунун жашоочусу, 9 баланынын энеси Ира Шакироваушул убакытка чейин балдарына жөлөкпул алган эмес. Ал жөлөкпул алуу үчүн тиешелүү мекемелерге 6 жылдан бери документтерин чогултуп кайрылса, жылда бир документти жок деп артка кайтарып коюшкан. Өзү ооругандыгына байланыштуу иштебейт.

Кыргызстанда Шакировага окшогон жөлөкпул албай жүргөндөр көп экенин балдарды коргоо борборунун социалдык кызматкери Таалай Жакупов билдирди.

Анын айтымында, учурда жөлөкпулду муктаж болгондор албай эле  тааныш-билиштерге эле берилип жатат. Бул көрүнүштү жаңы сунушталган мыйзам жоет.

Жаңы мыйзам менен мамлекет балдарга көңүл буруп, коррупциялык көрүнүштөр алдын алынып, элдин жөлөкпулга болгон көз карашын өзгөртөт. Ошондой эле, жакырчылыкты кыскартат. Кээ бирлер 500 сом менен оңолуп кетпейбиз деп ойлошот. Бирок кимдер жардам алыш керектиги элдин мээсине сиңирилет. Бүгүнкү күндө жөлөкпул алып жаткандар өздөрүнүн статусун жогору көрүшөт. Бизге кайрылгандардын баары жөлөкпул ала алышкан эмес.

Кыргызча

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси бир жуманын ичинде 136 ДМЧАларга кызмат көрсөттү

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси бир жуманын ичинде 136 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кызмат көрсөттү. Бул тууралуу басма сөз кызматы маалымдайт.

“Өткөн жумада биздин мекемеге 136 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кайрылышкан. Анын ичинен 5 протезге, 72 адам ортопедиялык бут кийимге жана калган 59 адам ортопедиялык батек жана корсет-бандаж буюмдарына муктаждыгын айтышкан”, - дейт мекеменин директору Утан Жунушов.

Анын айтымында, учурда мекемеге Бишкектеги травмотология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда иштелип чыккан “Джумабеков” аталышындагы түзүлмөнүн колдонулушун киргизилүүдө. Бул жамбаш сөөгүнө жабыркаган балдарды айыктырууга багытталган.  

“Джумабеков” түзүлмөсү медицинада колдонулганы жамбаш сөөгүнөн  жабыркаган балдарды айыктырууга жана балдардын ортопедиялык көйгөйлөрүн азайтууга өбөлгө түзөрүнө үмүтүбүз чоң”, - деп, кошумчалады У.Жунушов. 

Кыргызча

Жыл башынан Министрлик Кыргызстанга келип түшкөн гуманитардык жүктөргө 240 корутунду берди

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Кыргызстанга келип түшкөн жалпы салмагы 331 090 053,5 кг түзгөн гуманитартык жүктөргө 240 корутунду берди. Бул тууралуу басма сөз кызматы маалымдайт.

Белгилеп кетчү жагдай, Министрлик өзүнүн ишмердүүлүгүндө өлкөгө келип түшкөн гуманитардык жардамдарга корунтунду гана берет. Анын негизинде гумжардамдар бажы салыктарынан бошотулат. Ал эми донорлор жиберген гуманитардык жүктөрдү өздөрү, тактап айтканда донорлор бөлүштүрөт.

Ошондой эле, гуманитардык жардамдарды максаттуу колдонуу жоопкерчилиги гуманитардык жардамды алган мекемелерге жүктөлгөн.  

 

Кыргызча

9 айдын жыйынтыгы боюнча 1855 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга санатордук-курорттук жолдомолор берилди

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 9 айдын жыйынтыгы боюнча 1855 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга санатордук-курорттук жолдомолорду берди. 

Жолдомолор I топтогу майыптарга акысыз берилет. Ал эми II топко 50 пайыздык жеңилдетүү менен жана III топтогу майыптарга 30 пайыздык жеңилдетүү менен.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга 724 кресло-коляскалар таркатылган. Анын ичинен 151 балдарга берилсе, 573чү чоңдор алган.

Кыргызча

Pages