Бириккен Улуттар Уюму өлкөнүн үч министрлиги менен кызматташууга кол койду

Бириккен Улуттар Уюму менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн санын кыскартуу жана жумушсуздукту жоюу максатында кызматташууга кол койду.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району жана Нарын облусунун Кочкор райондору атайын пилоттук район болуп тандалып алынган. Аталган райондордо мындан ары билим берүү, айыл чарба багыттарында долбоорлор ишке ашырылат. Ал эми аталган долбоорлорду ишке ашырууда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр тартылмакчы.

"Мындан ары аз камсыз болгон жумушсуз адамдар иш менен камсыз болушат. Анткени БУУнун Азык-түлүк программасы менен келишимди узартып, мындан сырткары үч министрлик менен иштешүүгө кол койдук. Алдыда 497 долбоорду ишке ашырууга 66 миңден ашуун адам тартылмакчы", - деп билдирди эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев.

Белгилүү болгондой, министрликтер кызматташтыгы 2017-жылдын аягына чейин уланмакчы.

Super.kg

Кыргызча

Карылар үйүндө Айт майрамы белгиленди

Төмөнкү Серафимовка социалдык стационардык мекемесинде Орозо айт майрамына карата майрамдык иш-чара өттү. Айт майрамы менен куттуктоо сөздөрү айтылып, карыларга чакан белектер ыйгарылган соң майрамдык түштөнүү уюштурулуп, концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Карылар үйүнүн башкы мүдүрү Бактыбек Жунусовдун айтымында, бул жайда 370 адам бар.

"Жыл сайын майрамдарда бул жерде жашагандардын маанайын көтөрүп, майрамдык иш-чараларды уюштуруп турабыз. Бизде азыр 370 адам бар болсо, алардын 230у эркек, 140ы аялдар. Аларды 232 кызматкер тейлейт. Союз убагында славян улутундагылар көп болчу. Советтер Союзу тарагандан кийин карылар үйүндө кыргыздар көбөйүп калды. Ата-энесин таштап кетип жаткан балдар туура эмес тарбия алышкан деп ойлойм. Мындагылардын 80 пайызынын жакындары, балдары бар, бирок көпчүлүгү бул жерде жаткандарды көргөнү келишпейт", - деп айтты Бактыбек Жунусов.

Super.kg

 

Кыргызча

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 12 жашар Тилек Алтымышев жасаган үй, мечиттердин үлгүлөрү

5-июлда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 12 жашар Тилек Алтымышевди Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги барып көрдү. Тилек балмуздактын таякчасынан, ширеңкеден үй, мечиттерди жасайт. Ага үй, мечиттин үлгүлөрүн жасоо үчүн таякчалар, клей жана кышкы кийимдер белекке берилсе, үй-бүлөсүнө азык-түлүктөр берилди. Тилекти Токмок медициналык социалдык комиссиясынын жана Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин реабилитациялык борборунун кызматкерлери да барып көрүштү. Тилекке жеке дарылоо программасы иштелип чыгат.

"Тилек биз үчүн жарандык эрдиктин үлгүсү катары кызмат кылат. Кыйын ооруга карабай ал жеңилген жок. Ар бир ушундай өзгөчө бала жашоодо көп нерсеге жетишүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билиши зарыл", - деди К.Базарбаев.

Тилек Алтымышев тууралуу социалдык тармактарда коомдук активист Марат Абдраев айтып чыккан. Ал 5 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетишкен. Ошондон бери эки эжеси, атасы менен чогуу жашайт. Майыптыгы үчүн өкмөттөн 3000 сом өлчөмүндө жардам алат. Атасы Нурбек Курманалиев II топтогу майып.

Super.kg

Кыргызча

2015-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 172 миңден ашуун майып адам бар, алардын 28 миңи 18 жашка чейинкилер

Акыркы мезгилде коомдук уюмдар, активисттер кыргыз өлкөсүндөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясын ратификациядан өткөрүү зарылдыгын айтышууда. Кыргыз жеринде "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу тууралуу Конвенцияны" ратификациялоо 2017-жылы күтүлүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында айтылды.

Катышуучулардын бири Толкун Исаков буларга токтолду:

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар башка жарандар сыяктуу эле өлкөнүн, коомдун жашоосуна активдүү аралашуусу шарт. Бүгүнкү күндө жарандык коом кыргыз өкмөтү 2016-жылдын аягы, 2017-жылга чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу тууралуу Конвенцияны ратификациядан өткөрөт деп терең ишенет".

Ошондой эле маалымат жыйында 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 172 миңден ашуун майып адам бар экендиги, алардын 28 миңи 18 жашка чейинкилер экени айтылды.

Super.kg

Кыргызча

Талас шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган "Жүрөктөн жүрөккө" акциясы өттү

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Талас шаарында “Жүрөктөн жүрөкккө” аттуу акция өткөрдү. 
Акцияда Талас облусунун Манас, Кара-Бура, Бакай-Ата райондорунан келген мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катышууда (бардыгы 500 адам). Иш-чаранын негизги максаты - мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго адаптациялоо жана аларга карата коомду гумандаштыруу болуп эсептелет.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында учурда өлкөдө 172 миң ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар болсо, анын ичинен 28 миңден ашыгы 18 жашка чейинки балдарды түзөт. Ал эми Талас облусунда учурда 7,9 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт, анын 1,6 миңи балдар.
“Биз мындай акцияларды 2013-жылдан бери өткөрүп жатабыз. Коом бир мүмкүнчүлүгү чектелген адамды көрсө бул бир ой, эки адамды көрсө башка ойпайда болот, ал эми жүздөгөн, миңдеген адамдарды көрсө дагы башка терең ойду пайда кылат. Мамлекетте бардык жарандардын укугу бирдей. Анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын да. Аларды көрүп коомубуз ар кандай дартка туш болгон жарандардын турмуштук көйгөйлөрүнө көңүл бурууусуна жана коомдук жашоодо атайын шарттарды түзүүгө аракеттерин жасаганга чакырабыз”, - дейт министр К.Базарбаев.

Кыргызча

Социалдык кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Бишкек шаарындагы райондук социалдык өнүгүү башкармалыктарынын социалдык кызматкерлерине, Кароосуз калган балдар үйлөрүнүн, ошондой эле Мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын Бишкек шаардык реабилитациялык борборунун кызматкерлерине сертификаттарды тапшырды.

Алар калктын аялуу катмарына социалдык жардам көрсөтүүнүн ыкмаларына окутуп-үйрөтүүчү 80 сааттык семинардан өтүштү.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 900дөн ашык социалдык кызматкерлер 10 миңге жакын адамды үйлөрүнө барып тейлеп жатышат. Эми, окуудан өтүшкөндөр алган билимдерин иш жүзүндө пайдалана алышат. Бардыгы болуп бул окуудан 25 адам билим алып чыгышты.

ЭркинТоо

Кыргызча

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлер күнү менен Министрликтин жалпы жамаатын куттуктады

Бүгүн, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлер күнү менен Министрликтин жалпы жамаатын куттуктады.

Анын айтмында Эмгек жана социалдык өнүгүү системасында 4 миңден ашык кызматкерлер аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган адамдарга, турмуштук оор кырдаалда турган балдарга өз кызматтарын көрсөтүп келишет.

“Урматтуу кесиптештер! Силердин күнүгө жасаган эмгегиңиздер абдан зор. Анткени Силер болгон күч аракетиңер менен калктын эң аярлуу катмарына кызмат кыласыздар. Бирок, мындан ары да элдин жаркын келечеги, бакубат жашоосу үчүн биз дайыма талыкпай эмгектенүүбүз зарыл. Өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсү мамлекеттик кызматтын жоопкерчилигин, кесипкөйлүүлүгүн күбөлөндүрүү менен анын демократия жолунда өнүгүүгө өбөлгө түзөт. Биз биргеликте жасаган аракеттер менен 2013-2017-жылдарга КР туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын бийик деңгээлде аткара алабыз”, - дейт министр.

Кыргызча

"Кайрымдуу бол" коомдук фонду Ыйык Рамазан айынын 15-күнүн кайрымдуулук күнү деп белгилөөнү демилгелешти

Бүгүн, "Бишкекпарк" көнүл ачуу соода борборунда "Кайрымдуу бол" коомдук кайрымдуулук фонду Ыйык Рамазан айынын 15-күнүн кайрымдуулук күнү деп белгилөөнү демилгелеп чыгышты. Бул акцияга Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Эрик Куйкеев катышты.
Анын айтымында, бул демилге адамдарды ыйман жолуна салып, бири бирине жакындатып, сабырдуулукка, кайрымдуулукка багыттайт.

Кыргызча

Иштеген адам каза болгондо жакындарына сөөк коюуга 7189 сом өлчөмүндө жөлөкпул берилет

Иштеген адам каза болгондо жакындарына 7189 сом өлчөмүндө расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул берилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин акчалай жөлөкпул жана социалдык кепилдиктер бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Окоева SUPER.KG порталына кабарлады. Гүлмира Окоева расымдык жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобо менен кененирээк тааныштырып өттү.

Төмөнкүдөй өлчөмдө расымдык жөлөкпул төлөнөт:

Кыргызча

Таласта 1 миллион 932 873 элеттик аялдын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу конференция өтүүдө

Бүгүн, 17-июнда Талас шаарында “Элеттик аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аттуу төртүнчү республикалык конференциясы өтүүдө. Ага бардык облустардын ишкер аялдары катышып өздөрүнүн кол өнөрлөрүн көрсөтүү менен бирге ийгиликтүү тажрыйбалары менен ой бөлүшүүдө. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Конференциянын негизги максаты элеттик эмгекчил аялдардын ишинин ийгиликтүү жыйынтыктарын пропагандалоо, ошол эле учурда экономикалык, укуктук шарттарын, социалдык статусун жогорулатуу болуп эсептелет.", - деди Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Эрик Куйкеев.

Бүгүнкү күндө элеттик аялдардын саны 1 миллион 932 миң 873кө барабар. Аялдар бардык калктын 65 пайызга жакынын түзөт. Ал эми алардын экономикалык активдүү бөлүгү 51,7 пайыз болсо, 46 пайызы гана эмгектенишет.

Кыргызча

Pages