Таласта 1 миллион 932 873 элеттик аялдын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу конференция өтүүдө

Бүгүн, 17-июнда Талас шаарында “Элеттик аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аттуу төртүнчү республикалык конференциясы өтүүдө. Ага бардык облустардын ишкер аялдары катышып өздөрүнүн кол өнөрлөрүн көрсөтүү менен бирге ийгиликтүү тажрыйбалары менен ой бөлүшүүдө. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Конференциянын негизги максаты элеттик эмгекчил аялдардын ишинин ийгиликтүү жыйынтыктарын пропагандалоо, ошол эле учурда экономикалык, укуктук шарттарын, социалдык статусун жогорулатуу болуп эсептелет.", - деди Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Эрик Куйкеев.

Бүгүнкү күндө элеттик аялдардын саны 1 миллион 932 миң 873кө барабар. Аялдар бардык калктын 65 пайызга жакынын түзөт. Ал эми алардын экономикалык активдүү бөлүгү 51,7 пайыз болсо, 46 пайызы гана эмгектенишет.

Кыргызча

Рим Папасы кыргыз элине гүлдөп-өсүүнү жана тынчтык каалады

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Рим Папасы Франциск менен жолугушту. Жолугушууда алар кол кармашып, Рим Папасы кыргыз элине гүлдөп-өсүүнү жана тынчтык каалады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 15-июнда кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушуу жыл сайын өтүүчү БУУнун XXI Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Аткаруу кеңешинин сессиясынын алкагында өткөн. Анда Рим Папасы БУУга кирген мамлекеттерди ачкачылыкка каршы турууга чакырды. Ошондой эле ал "маалыматтык ашыкча жүккө" көңүл бурду.

"Адамдар жакырчылыкты сезбес болуп калышты, башка адамдардын кайгысына иммунитет жогорулап жатат. Бизди сыздатчу сүрөттөргө көмүлгөнүбүз менен, аларга көңүл бурбайбыз. Биз ыйды укканыбыз менен, ыңгайсыз абалда калып жаткан жокпуз. Биз суусагандарды көрүп жатабыз, бирок алардын суусунун кандырууга аракет кылган жокпуз. Адам жандары статистикалык маалымат болуп калды, адамдардын кайгысын эске албай калдык", - деди Рим Папасы.

Министрликтин берген маалыматы боюнча, учурда кыргыз жергесинде Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте 330 миң аз камсыз жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча долбоор ишке ашырылып жатат.

 

Super.kg

Кыргызча

Кыргыз Республикасында 18ге толо элек 28 200 баланын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген

Өлкө боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын арасындагы көрсөткүчтө тубаса оорулуу болуп төрөлгөндөр 35,2 пайыз менен биринчи орунда турушат. Экинчи орунда 24,4 пайыз менен нерв системинен жабыркагандар, андан кийин 12,8 пайыз менен психиатриялык жактан ооругандар турушат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда Кыргыз Республикасында 18ге толо элек 28 200 баланын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Алардын баары ай сайын 3000 сом өлчөмдөгү жөлөкпул алышат. Андан тышкары аларга акысыз социалдык тейлөөлөр көрсөтүлүп келет.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны майыптык топко күбөлөндүрүүнүн жана аны кайталап өтүүнүн эсебинен өсүүдө. 2015-жылы 12 30 бала, анын ичинен 4190у биринчи жолу күбөлөндүрүлүштү. Ал эми 2014-жылы 4208 бала алгачкы ирет майыптык топко күбөлөндүрүлүшкөн.

Super.kg

Кыргызча

Выплаты за 5 месяцев превысили 3 млрд. сомов, задержек с перечислением в районы нет

Министерство труда и социального развития уже сегодня, 7 мая, перечислило в районы средства из бюджета на выплату государственных пособий и компенсаций взамен льгот в текущем месяце.

Майские выплаты составили 458 млн. 495,1 тыс. сомов.

Всего за пять месяцев 2016 года малообеспеченным детям, лицам с ограниченными возможностями здоровья, сиротам, ветеранам ВОВ и другим уязвимым слоям населения было перечислено 3 млрд. 090 млн. 841,5 тыс. сомов.

Из них на государственные пособия детям из малоимущих семей, ЛОВЗ и пострадавшим в апрельских и июньских событиях 2010 года направлено 2 млрд. 281 млн. 809 тыс. сомов.

Денежные компенсации взамен льгот составили 572 млн. 942,1 тыс. сомов. Получателями этих выплат являются ветераны ВОВ, воины-афганцы, чернобыльцы, блокадники и др.

4 млн. 474,5 тыс. сомов министерство выплатило в виде пособий на погребение.  Общая сумма пособий по беременности и родам составила 102 млн. 686,5 тыс. сомов.

За пять месяцев населению было выдано пособий по безработице и стипендий при профессиональной подготовке и переподготовке, а также в качестве платы за общественные работы на сумму 21 млн. 277,3 тыс. сомов.

Кыргызча

Министр Кудайберген Базарбаев и Генеральный директор НОКП Рустам Алеев обсудили открытие в Бишкек полноценного приюта для лиц без определенного места жительства

Министр труда и социального развития Кудайберген Базарбаев и Генеральный директор Национального Общества Красного Полумесяца Рустам Алеев обсудили открытие в Бишкек полноценного приюта для лиц без определенного места жительства.

На встрече обсуждалось открытие приюта  для лиц БОМЖ, в которых они смогут жить не только зимой, но и летом. Также центр будет помогать лицам БОМЖ вернуться в общество.

Министр Кудайберген Базарбаев отметил, что с прошлого года ведомство и НОКП работают в рамках совместного плана действий.

«При поддержке Национального общества Красного Полумесяца мы смогли дополнительно оказать помощь малоимущим гражданам и пожилым гражданам в виде продуктовых наборов. Также мы сотрудничаем по линии государственного социального заказа, выдаем гранты НОКП для открытия центров для пожилых граждан», - рассказал он.

 «Мы работаем по четырем основным направлениям – здравоохранение, социальная помощь, управление по чрезвычайным ситуациям, организационное развитие. В прошлом году деятельностью НОКП было охвачено более 580 тысяч кыргызстанцев. Кроме того, у нас есть отдельные программы, такие как помощь одиноким пожилым людям. Сегодня в организации насчитывается порядка двух тысяч постоянных волонтеров. А всего наше волонтерское движение насчитывает до 10 тысяч молодежи. Все они бесплатно помогают нуждающимся», - рассказал Рустам Алеев.

Кыргызча

Талас шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөр менен иш алып барууда

Талас шаардык эмгек жана социалдык өнүгү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн каттосунда турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө катарында Н.В.П. үй-бүлөсүнө жекече иштөө планы түзүлүп, балдарына жөлөкпул чектөө каралып жатат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын адиси маалымдады.

Үй-бүлөнү турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу планын негизинде улуу баласы социалдык педагогдун көзөмөлүнө алынган. Ал эми кичүү баласын бала бакчага орноштуруу иш аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Кыргызча

Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы балдарды коргоо жаатында иш-чараларды өткөрүүдө

Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, башкармалыктын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери, жашы жете элек өспүрүмдөр инспекторлору, аймактык башкаруулар менен биргеликте турмуштун оор кырдаалына кабылган балдарды табуу максатында үймө-үй кыдыруу жүргүзүлдү.            18-апрелден 22-апрелге чейин шаардагы мектептерде, кесиптик лицейлерде, колледждерде кылмыштуулуктун алдын алуу максатында “Зордук-зомбулук”, “Үй-бүлөнү пландаштыруу”, “Нике курагы жана никесиз бойго бүтүрүүнүн кесепеттери”, “Наркотикалык баш айландыруучу каражаттардын зыяндуулугу” ж.б. темаларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жашы жете элек төрөгөн жалгыз бой эне, 05.04.1999-жылы туулган Л.Л. 02.07.2015-жылы туулган, кызы Л.А. менен шаардагы №5-жатакананын бир бөлмөсүн капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жергиликтүү бюджеттин эсесбинен 3000 (үч миң) сом жана материалдык жардам берилип, бөлмөгө көчүрүп чыгарылды.

Кыргызча

Министрлик 2016-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча Коллегия өткөрдү

Бүгүн, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 2016-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча Коллегия өткөрдү. Анда жалпысынан 7 суроо каралып, министр Кудайберген Базарбаев иш-чарага катышкан айрым шаардык жана райондук башкармалыктардын башчыларын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөкпулдарды чектөөдө даректүүлүктү күчөтүүнү тапшырды.
Коллегиянын жүрүшүндө Кудайберген Базарбаев балдардын маселесине кененирээк токтолуп, өлкөдө улуттук асыроо биринчи кезекте тураарын баса белгилеп кетти.
“Биринчи кезекте биз кыргыз жарандарына ата-энесинин кароосуз калган балдарды асыроого беребиз. Акыркы 5 жыл аралыгында улуттук асыроого жалпысынан 5117 бала берилсе, чет өлкөгө асыроого 56 бала кеткен, бул 1% түзөт”, - дейт министр.
Ошондой эле Кудайберген Базарбаев өлкөнүн бүт аймагында ачылган 528 штабдардын иштеши тууралуу маалымат алды. Балдарга тийиштүү көйгөйлөрдү болтурбоону жана ага карата алдын ала иш-чараларды так аткарууну талап кылды.

Кыргызча

Ноокенде мектеп окуучулары арасында "Кылмыштуулукка каршы күрөшүү" сабагы өткөрүлдү

Ноокен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы Кыргыз Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы №125 буйругу менен бекитилген 2015-2017-жылдагы балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды аткаруу максатында №12 Ж. Султанов атындагы орто мектебинде  8-9-10-11-класс окуучуларына “Кылмыштуулукка каршы күрөшүү” иш-чарасын өткөрдү.

Кыргызча

Ала-Букада "Сергек жашоо-таза коом" аттуу иш-чара өткөрүлдү

Ала-Бука райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын Ала-Бука а/аймагын тейлеген социалдык кызматкерлери тарабынан “Сергек жашоо –таза коом” аттуу иш чара өткөрүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.

Айтылган иш чара 2016- жылдын 30-март айында саат 10.00 до №3 Н. Орозалиев атындагы орто мектебинде Т. Балтагулов, А.Акпаралиев, Р Абдисаматова, А.Тураббаев Ж. Бөкөнбаев, А.Навои мектеп арасында 6, 7 класстын жарым жетим жана турмуш шарты оор категориядагы балдар арасында  өткөрүлдү. Бул иш чара эки бөлүктөн туруп, биричи бөлүгүндө: саламдашуу, видио ролик (Ынтымак,достук, сабырдуулук жөнүндө), спорттук мелдеш болсо, ал эми экинчи бөлгүндө: спорттук оюн зоок, мелдеш уюштурулду.

 

Кыргызча

Pages