Министрдин орун басары Жылдыз Полотова Токио шаарында өткөн чет элдик аткаруучулардын сынагында биринчи орунду ээлеген Гүлүм Касымбаеваны куттуктады

2016-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова Токио шаарында өткөн чет элдик аткаруучулардын сынагында биринчи орунду ээлеген Гүлүм Касымбаеваны куттуктады.

 “Гүлүм Касымбаева бийик үлгү боло тургандай, эки элдин достугуна жана коомду гумандаштырууга жаңы демилге берип, албан чыгармачылык менен кыргыз элин дагы бир жолу дүйнөгө тааныттып, шык бергендей абал түздү. Гүлүм айым Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү  болуп жана коомдук ишке чоң салымын кошуп келет. Биз баарыбыз ийгиликтүү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын тажрыйбаларын, жашоосундагы жараткан ийгиликтерин коомго жайылтууга милдеттүүбүз” – деп Ж. Полотова жеңичүүгө бакыт жана кең келечек  каалап кетти.

Куттуктоо Кыргызстандагы Жапон элчилигинде Жапон тышкы иштер парламенттик вице-министри Мики Ямада катышуусу менен өттү. 

 

Кыргызча

Президент Алмазбек Атамбаев 7-апрелди жумуш эмес майрам күн деп жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-апрелде “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “7-апрель – Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бүгүн, 2016-жылдын 6-апрелинде кабыл алынды.

Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Маалымат иретинде: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Ошондой эле бул Мыйзам мамлекеттик расмий «Эркин тоо» газетасына эртең,  2016-жылдын  7-апрелинде жарыяланат.

Демек, эртең, 2016-жылдын  7-апрели жумуш эмес майрам күнү болуп саналат.

 

 

Кыргызча

Министрлик фостердик үй-бүлө институтун өнүктүрүп жатат

Ысык-Көл облусунун Ак Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын аткарылып жаткан иш-чаралары тууралуу маалыматы боюнча, учурда кризистик борборго жиберүүгө 4 баланын документтери даярдалууда. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирет.

Андан сырткары 2 баланын документтери фостердик үй-бүлөгө, башкача айтканда убактылуу багып алуучу үй-бүлөгө берүүгө даярдалып жатат. Мындай иш-чара менен министрлик ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды үй-бүлөлүк чөйрөдө тарбияланууга шарт түзөт.
Фостердик үй-бүлө 1 айдан 1 жылга чейинки мөөнөткө баланы багып алат. Баланы багып алардан мурда ата-эне атайын окуудан өтүшөт.

Фостердик үй-бүлөлөргө: жетим балдар, ата-энелик укутан ажыратылган (ичимдикке берилген же баланын жашоо-турмушуна коркунуч жараткан), көзөмөлсүз калган балдар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар берилет.

Кыргызча

Саруу айылында “Нур” бала бакча базасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 49 орундук тайпа ачылды

Жети-Өгүз районунун аймагындагы Саруу айылдык округундагы Саруу айылында “Нур” бала бакчасынын базасында, Швецариялык Кызыл Крест уюмунун жардамы менен, ДМЧА балдарга 49 орундук тайпанын  ачылыш  аземи, үстүбүздөгү жылдын 30-мартында болду. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы маалымдайт.

Ачылышка Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы, башкармалыктын ДМЧА секторунун башкы адиси, өкмөттүк эмес уюмдардын, Каракол шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилилитация борборунун өкүлдөрү, район аймагындагы балдар бакчаларынын жетекчилери, мектеп директорлору, райондук жана айылдык кештеринин төрагалары, Айылдык Ден-соолук комитетинин мүчөлөрү, коомчулуктун өкүлдөрү, жеке ишкерлер жана ДМЧА балдардын ата-энелери катышты. Алар өз сөздөрүндө бул чоң иш экендигин, борбор азыркы күндө эң керектигин жана мындан ары да өнүгүп, өсүп ДМЧА балдардын ден-соолугун чыңдап коомго кошууга чоң жардамын берерин билдиришти.

Кыргызча

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин медициналык бөлүмү бир жуманын ичинде 340 Кыргызстандын ДМЧАна кызмат көрсөтүштү

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин медициналык бөлүмү  бир жуманын ичинде 340 Кыргызстандын ДМЧАна кызмат көрсөтүштү. 

Протездик-ортопедиялык буюмдарына муктаж болуп тапшырык кылгандар жалпысынан 237 жаран, анын ичинен  2жаран биринчи жолу протезге муктаж болгондор, 9 жаран протезге, ортопедиялык бут-кийимге 101 жаран, калган 125 жаран ортопедиялык батек жана корсет-бандаж  буюмдарына.

РПОБМде 139 жуп ортопедиялык бут кийими, 148 даана протездик-ортопедиялык буюмдары иштелип чыгарылган.

Республикалык протездик-ортопедиялык  буюмдар мекемесинин кызматкерлери тарабынан эмгек  тартиби  сактоо  ар дайым каралат.                 

Кыргызча

Мамлекеттен жөлөкпул алган жакыр үй-бүлөлөр 1 жылда 2 пайызга азайганы айтылды

Кыргыз мамлекетинин жарандары 2016-жылдын башынан бери мамлекеттен жалпы 910 миллион сом жөлөкпул алышты. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин билдиришинче, 510 миллион 500 миң сому балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул катары төлөндү. Бул категорияда жөлөкпул алгандардын саны 2016-жылдын 1-мартына карата 301 400 жаранды түзгөнү, бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 2 пайызга аз экени айтылды. Жөлөкпул алуучулардын санынын азайышын министрлик жакырчылыктан чыгуу жана жөлөкпулду чыныгы муктаждарга берүү боюнча тизменин такталышы менен байланыштырууда.

Кепилденген минималдык киреше жыл ичинде 705 сомдон 810 сомго көтөрүлгөнү айтылат маалыматта.

Super.kg

Кыргызча

Бүгүнкү күндө жумушсуз адамдардын саны 200 миңден ашат, алардын көбүн эркектер түзөт

"Бүгүнкү күндө жумушсуз адамдардын саны 201,5 миң, алардын көбүн эркектер түзөт",- деди бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев. Анын айтымында, жумушсуздардын 98,4 миңин аялдар жана 103,1 миңин эркектер түзөт.

"Расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 8 пайызды түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 89,3 миң адам. Ал эми расмий катталган жумушсуздардын саны 57,3 миң жаран. Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 5,5 миң жумушсуз жаран ишке орноштурулуп, кесиптик окутууга 389 адам жөнөтүлгөн.

Эмгек рыногунда жаңы жумушчу орундарын түзүү максатында чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн эсебинен жумушсуз жарандарга чакан насыя берилет. Бул жаатта 43 жумушсуз жаран чакан насыя алган. Жумушсуз жарандар чакан насыяны өздөштүрүүнүн натыйжасында элдик кол өнөрчүлүк, товарларды өндүрүү, соода-сатык жана коомдук тамактануу, мал багуу жана башка иштер менен камсыз болушкан.

2016-жылдын 1-мартына карата убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 1,8 миң адам жөнөтүлгөн. Кошумчалай кетсек, учурда 546 адамга жумушсуздук боюнча жөлөкпул берилет",- деди министр.

Super.kg

Кыргызча

Былтыр кароосуз калган 11 бала Орусиядан кыргыз жергесине алынып келинген

Былтыр кароосуз калган 11 бала Орусиядан кыргыз жергесине алынып келинген. Муну бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ахматова билдирди. Анын айтымында, Орусияда кароосуз калган балдар эмгек мигранттарынын балдары болуп эсептелет.

"Тилекке каршы, чет өлкөдө жүргөн кээ бир мекендештерибиз балдарын бага албай балдар үйлөрүнө калтырып кетишет. Бизде бир гана Орусиядан ушундай балдар мекенине кайтарылып келүүдө. Мындай иштерге бюджеттен жыл сайын 2 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт, анткени бир баланы кыргыз жергесине алып келүү үчүн орто эсеп менен 70 миң сом жумшалат.

Балдар Орусиядан келгенден кийин 3 айдын ичинде алардын туугандары изделип, багып алуу маселеси чечилет. Көбүнчө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды туугандары да алгылары келбейт. Мындай балдар абалына жараша атайын балдар үйлөрүнө жөнөтүлөт.

Кароосуз калган балдарды Орусиядан алып келүү иш-аракеттери 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ошондон бери жалпысынан 50 бала кыргыз жергесине кайтарылган",- деди адис.

Super.kg

Кыргызча

Өлкөдө 400 миңге жакын адам мамлекеттик жөлөкпул алат

Өлкөдө 2016-жылдын 1-мартына карата 382,8 миң адам мамлекеттик жөлөкпул алат. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, алардын басымдуу бөлүгүн же 301,4 миңин балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр түзөт. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда 2 пайызга азайды.

"Ай сайын мамлекеттик жөлөкпулду алуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны 81,4 миң адамды түзөт. 2015-жылдын 1-июлунан тарта балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилчү кепилденген минималдык кирешенин көлөмү 705 сомдон 810 сомго чейин көбөйтүлдү. Жыл башынан бери 910,4 миллион сомго жөлөкпул берилди. Алардын 510,5 миллион сому балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана 399,9 миллион сом ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилген",- деди министр.

Super.kg

Кыргызча

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери 12-мартта ишембиликке чыгышты. Мекемеден билдиришкендей, аппарат кызматкерлерин министр Кудайберген Базарбаев жетектеп, министрликке караштуу аймакты тазалашты.

"Бүгүнкү ишембиликке борбордук аппараттын кызматкерлери эле эмес, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүндө иштегендер да чыгышты. Алар дагы өздөрүнүн мекемесине тийиштүү аймактарды тазалап, имараттарын жыйнап, иретке келтирип жатышат",- деди Базарбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн борбор калаадагы Ботаникалык бакчада президент, премьер-министр, спикер баштаган жогорку бийлик органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда массалык ишембилик өтүүдө.

Super.kg

Кыргызча

Pages