КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиевдин куттукттоо сөзү

Категория: 
Новости

Урматтуу социалдык тармактын кызматкерлери, ардактуу ардагерлер!         

Сиздерди Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана   профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктаймын!         

Биздин коомго тиешелүү өзгөчөлүктөрдүн бири - бул жакынына дайыма ылдыйда жөлөк, өйдөдө өбөк болуу. Биздин ата-бабаларыбыз илгертеден эле айткан экен: “Жакшы - эл камын ойлойт, жаман - өз камын ойлойт”- деп.

Сиздер ата-бабаларыбыздан калган мындай ыйык касиеттердин бирин өз кесибиңиздерге айландырдыңыздар.    

Ар бир эле жаран социалдык чөйрөдөгү кызматкер боло бербейт, муну жан дили менен туя билген адам гана ушундай кызматты аркалай алат. Адамды сүйүү, керт башын ойлобогондук, боорукердик, мээримдүүлүк - булар социалдык кызматкерлер ээ болгон адамдык мыкты сапаттар.  

Бүгүнкү күндө Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде 4 миңден ашык адам эмгектенип келет. Ар бир социалдык кызматкердин эң негизги милдети - калктын эң аярлуу катмарына даректүү жардам көрсөтүү. Сиздердин күнүгө аткарып жаткан милдеттериңиздер мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, улгайган жарандарга, турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөргө жана балдарга арналган. 

Бюджеттеги оорчулуктарга карабастан мамлекет тарабынан кепилденген социалдык милдеттемелер толук көлөмдө аткарылууда. Ошону менен бирге  социалдык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү өсүшү үчүн бардык иштер аткарылууда.

Айта кетсем, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын төлөнүүчү жөлөкпулдардын  өлчөмү 33%га (3000 сомдон 4000 сомго чейин) жогорулатылды.

Жыл башынан тартып ар бир төрөлгөн балага «сүйүнчү жөлөкпул» 4000 сом өлчөмүндө бериле баштады. Аз камсыз болгон үй-бүлөргө жөлөкпулду чектөөдө пенсиянын бардык түрлөрү эсепке алынбай калды.  

Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенцияны ратификациялоо боюнча маселеси каралууда.   

Социалдык кызматкерлер жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин күн сайын көрсөтүп жатат. 900дон ашык социалдык кызматкерлер 10 миңден ашык адамды үйүнө барып тейлейт.   

Министрликтин башкармалыктары жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүп келет. Жер-жерлерде жылына 40 миңден ашык жаран жумушка орноштурулуп, 7 миңден ашык адам кесиптик билим алышууда.       

Жыл сайын мамлекеттик социалдык тапшырыктын алкагында калктын аярлуу катмарына ылайыкталган бир топ социалдык мекемелер ачылууда.  

Айтылган жетишкендиктер менен токтоп калбастан, Министрлик  мындан ары да элибиздин татыктуу жашоо шартына арналган иш аракеттерди аткарууга болгон күч аракетин жумшайт деп мен терең ишенем.   

Урматтуу кесиптештер, Сиздердин  ары оор жана татаал эмгегиңиздер   сезимталдыкты, кайрымдуулукту жана чыдамкайлыкты талап кылат.   

Сиздердин күч аракетиңиздердин, адамдарга мээримдүү мамилеңиздердин, өз ишиңиздерге берилгендиктин аркасында калктын жашоо-турмушунун бир катар татаал көйгөйлөрү чечилүүдө.

Ушул салтанаттуу күнү Сиздердин береке чачкан эмгегиңиздер Сиздерге канааттанууну жана сиздер мээримиңиздерди төккөн адамдардын жан дилден урматтоосун алып келишин чын жүрөктөн каалайм. 

 Сиздерге күч кубат, чың ден соолук, бакыбат жашоо каалайм. Барыбыз биргеликте ак ниет менен аткарган иштерибиз ийгиликтер менен коштолсун, Кыргызстаныбыз өнүгүп, жерибизде тынчтык менен туруктуулук бекем орносун!

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын!  

Урматтоо менен,

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин

Статс-катчысы Каныбек Адиев