Урматтуу асыл зат айымдар! Сиздерди жаз менен кошо келген 8-март – Аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктайбыз!
Кыргыз элинде “Аял – үйдүн куту!”- деген сөз бекеринен айтылган эмес. Аялзаты бала өстүрүп, жагымдуу жар, үйгө жарык чачкан шам гана болбостон, жалпы коомду, адамзатты жаркын келечекке алып барчу ишенимдүү кеме десек болот.
Элибизде Энеге карата урмат-сый көрсөтүү салты эзелтен сакталып, көчмөн турмушта аялзатынын орду аздектелип, жогору бааланып келген. Ошондуктан, “Бейиш Эненин таманында”, “Кыздын кырк чачы улуу” деген нуска сөздөр ар бирибиздин аң-сезимибизде терең ширелген.
Азыркы кезде аялзаты коомубуздун экономикалык, саясий турмушуна, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жигердүү катышып жатышат. Алар турмушубуздун бардык чөйрөлөрүндө үзүрлүү иштеп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө, мамлекеттин бекемделишине чоң салым кошууда. Аялдардын чыдамкайлыгы жана акылгөйлүгү коомдо тынчтыкты сактоого, ынтымакты бекемдеп, биримдикти чыңдоого ишенимдүү өбөлгө түзүп келет.
Кымбаттуу айымдар, энелерди жана балдарды коргоо — мамлекеттик органдарынын ар дайым артыкчылыктуу милдети болуп кала берет.
Эне сүтүн актаган, анын кадырына жеткен, аялзаты урмат-сыйга бөлөнгөн коом гана өсүп-өнөт.
Сиздер – үйдүн куту гана эмес, мамлекетибиздин таянычы жана коомубуздун тирегисиздер. Ар бириңиздерге бекем ден соолук, бактылуу турмуш, жарык коломто, бакубат жашоо каалайбыз! Ар дайым аруулук, назиктик, боорукердик жана акылмандык менен жашоону көрккө бөлөп, узак жашаңыздар!
Жаркыраган жаз менен кошо турмушуңуздарды жакшылыктар, ийгиликтер коштосун!
ЖЕКЕ АССИСТЕНТ