Социалдык контракт долбоору аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү ар тараптуу колдойт.

2021-жылдын 1-декабрынан 2022-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасындагы БУУнун азык-түлүк программасынын  колдоосу менен, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир жолку социалдык жардам көрсөтүү боюнча “Социалдык контракт” программасынын негизинде Нарын облусунун Жумгал районунда жана Баткен  облусунун Кадамжай районунда 100 пилоттук долбоор тандалып алынып, ийгиликтүү ишке ашырылган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтому кабыл алынып, Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Жобо бекитилген. Анын алкагында 2022-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан 292,0 млн. сом жана 2023-жылы 1036,0 млн. сом бөлүнүп комиссиялар аркылуу 12800 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөргө 100 000 сомдон берилген.

Долбоорго катышууга 14985 арыз берилип, алардын ичинен 12800 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр өз ишмердүүлүгүн социалдык контракт аркылуу баштаган.

2022-2023-жылдарга карата социалдык контракттын катышуучуларынын бизнес-долбоорлорунун  багыттары: 71% айыл чарба тармагында, 16,4% – кайра иштетүү өнөр жайы, 6,4% – кызматтарды көрсөтүү, 6,2% – соода.

Бул иш чара Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашып жатат. Социалдык  контракттын катышуучулары бул долбоорго катышуу менен,  эркинин бекемдиги, тапкычтыгы, аракети аркылуу өз жашоосун   түп-тамырынан бери өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк ала алышат.

2 жыл ичинде социалдык контракттын алкагында 17359 жаңы жумуш орундары түзүлдү.  Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаровдун тапшырмасы менен, өлкөдө 250 миң  жаңы жумуш орундарын түзүү маселеси коюлган. 2024-жылы жаңы 23000 жумуш орундарын түзүү боюнча Министрлик тарабынан кызуу иштер алып барылып жатат.

Социалдык контрактка катышуучулардын ичинен 95%ын аялдар (12158), 5%ын эркектер (642) түзөт. Аялдардын катышуусунун чоң пайызы алардын “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучулары экендиги менен түшүндүрүлөт.  Социалдык контракт менен камтылган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы саны 71 миңге жакын адамды түздү.

Жалпысынан 2 жылдын жыйынтыгы менен Социалдык контракттын негизинде 12800 үй-бүлө (2022-жылы-2800,             2023-жылы-10000) социалдык жардам алган адамдардын ичинен 2024-жылдын 1-январына карата программанын катышуучуларынын жалпы санынан 12 777 үй-бүлө бизнес долбоорлорун ишке ашырууну улантууда.

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 14-2601 тапшырмасын аткаруу жана 2024-жылга Социалдык контракт программасын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Министрлик төмөндөгүлөрдү сунуштайт:

  1. Социалдык контракттын катышуучулары тарабынан бизнес-долбоор натыйжасыз болбошу үчүн, тандоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу;
  2. Тандоо комиссиясынын курамына сөзсүз түрдө бизнес өкүлдөрү кириши керек (Социалдык контракттын катышуучусунун ишкердик демилгесинин багытына жана түрүнө жараша);
  3. Социалдык контракт түзгөн ишмердүүлүк багыттар боюнча тиешелүү аймактардагы ассоциациялар жана жеке ишкерлерге насаатчылыкка берүү;
  4. Мал чарбачылыгынын рентабелдүүлүгүнүн төмөндүгүн эске алуу менен, социалдык контракттын катышуучуларына туруктуу киреше алып келүүчү бизнес долбоорлорунун башка түрлөрүн сунуштоо;
  5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кураторлукту жер жердеги мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмдөрү менен тыгыз коштоону күчөтүү.

Социалдык контракт программасына катышкан үй-бүлөлөрдү ар тараптуу колдоого алсак, аларды жакырчылыктан алып чыгууга, жашоо шарты жакшырууга толук мүмкүнчүлүк түзүлөт.

2024-жылга республикалык бюджеттен 20 миң жакыр жана аз камсыз үй-бүлөлөргө, ал эми Дүйнөлүк Банктын “Социалдык жардам жана эмгек рыногу программаларын бекемдөө” долбоору алкагында 3 миң аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөргө 100 000 сомдон каралган.

Апрель айынын аягынан социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүүгө комиссиялар өз ишин баштайт.

  

Денежные средства поступившие от спонсоров

Денежные компенсации
Уй булого комок
Ежемесячное социальное пособия
Оба родителя которых неизвестны
Пайдалуу
Ссылкалар