Бишкекте Пекин декларациясын жана Пекин платформасынын иш-аракеттерин иш жүзүнө ашыруунун жыйынтыктарын талкуулоо боюнча биринчи улуттук консултациялар өттү
Бүгүн, 2019-жылдын 29-мартында, Бишкек шаарында Пекин декларациясын жана Пекин платформасынын иш-аракеттерин иш жүзүнө ашыруунун жыйынтыктарын талкуулоо жана кыз-келиндердин шарттарын жакшыртуу чөйрөсүндөгү жаӊы артыкчылыктарды аныктоо боюнча биринчи улуттук консултациялар өтүп жатат. 25 жыл мурун Пекин шаарында өткөн IV Дүйнөлүк аялдар конференциясында кабыл алынган Пекин платформасынын иш-аракеттери, гендердик теӊчилик үчүн күрөшүүнүн багыттарын аныктаган. Аталган Платформа, БУУга мүчө-мамлекеттердин […]