Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түздү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрайымдыгы алдында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө буйрукка кол койду. «Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынынмыйзамына Кыргыз Республикасынын Президенти […]