Чүй облусунун Сокулук районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектлеген адамдарга үч кабаттуу үй курулат

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жана КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабеков Чүй облусунун Сокулук районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга турак-жайдын курулушуна капсула салышты.

Жергиликтүү айыл өкмөтү бөлүп берген жер тилкесине, “Ассанабил” кайрымдуулук фонду үч кабаттуу үйдүн курулушун баштады. Бул турак-жай Чүй облусунун жаш майыптар коомунун мүчөлөрүнө курулат. Коомдун жетекчиси Эрнис Мыктыбек уулунун айтымында, бул имаратта атайын тигүүчү, устакана цехтери жана окутуу борбору жайгашат.

Иш-чаранын алкагында жеке ишкер Улан Жусупов өзүнүн 2 кабаттуу үйүн майыптар коомуна белек кылды.

Министр өз сөзүндө демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирип, алардын демилгеси менен Кыргызстанда бир топ ийгиликтүү долбоорлор ишке ашып жатканын баса белгиледи.

Пайдалуу
Ссылкалар