2019-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын логотибинин эскизин иштеп чыгуунун конкурсун өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын отуруму болуп өттү.
Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын логотибинин эскизин иштеп чыгуунун конкурсу (мындан ары – Конкурс) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 13-сентябрындагы №541 буйругунун 4-пунктуна ылайык, туруктуу өнүгүүнүн глобалдуу максаттарын улутташтыруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдыруу максатында өткөрүлөт. Конкурстун негиги максаты – өлкөнүн улуттук иденттүүлүгүн жана маанисин чагылдырган ТӨМдүн уникалдуу, кызыктуу, унутулгус логотибин түзүү. […]