Эмгек министрлиги Улуттук квалификациялык кеңештин 4-отурумун өткөрдү

Отурум Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, Кесиптик бирликтеринин, Соода өнөр жай палатасынын, ошондой эле бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтар Баймурзаев бекитилген кесиптик стандарттардын негизинде эмгек рыногунун керектөөлөрүн чагылдырган актуалдуу окуу программаларын жана курстарын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Кесиптик билим берүү системасынын жана эмгек рыногунун ырааттуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2018-жылдын 31-октябрындагы 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында №221 улуттук квалификациялык кеңештин курамы бекитилген.
Пайдалуу
Ссылкалар