Эмгек министрлиги эскертет: 11-январь Кыргызстанда жумуш күнү болот

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2025-жылдын 11-январь күнү (ишемби) жумуш күнү деп эсептелет.  Бул чечим дем алыш жана майрам күндөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган.

3 – январдагы эс алуу күнү үчүн 24-февралда, 6-январдагы эс алуу күнү үчүн 10-мартта иштөөгө туура келет.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодексин кабыл алуу менен майрам күндөрүн жылдыруу практикасын алып салуу пландаштырылууда.

Пайдалуу
Ссылкалар