Бүгүн министрликтин коомдук кабылдамасында жарандарды кабыл алуу өттү

Бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коомдук кабылдамасында жарандарды кезектеги кабыл алуу өткөрүлдү. Эл менен жолугушууну министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев өткөрдү.
Кабыл алуу учурунда жарнадар бир катар маселелер менен кайрылышты. Алсак, мигрант аялдарды колдоо, Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК)ишине байланыштуу маселелерди чечүү, санаториялык-курорттук жолдомолорду бөлүп берүү, жетим балдар үчүн турак жай маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү.
Ар бир кайрылуу кылдаттык менен каралып, андан ары иштөө үчүн түшүндүрмөлөр жана тапшырмалар берилди. Министрлик жарандар менен диалог үчүн ачык бойдон калууда жана социалдык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүнү улантат.
Жолугушуунун жүрүшүндө келип түшкөн кайрылуулар ыкчам чечүү үчүн тиешелүү бөлүмдөргө өткөрүлүп берилет.
Пайдалуу
Ссылкалар