Кыргыз Республикасынын Эмгек министринин биринчи орун басары менен Конрад Аденауэр атындагы фонддун аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси менен жолугушуусу

16-январь күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев Конрад Аденауэр атындагы фонддун Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Андре Алгермиссен менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда эмгек, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эмгек миграциясы жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланды.
Мухтарбек Баймурзаев эмгек мамилелеринин системасын технологиянын өнүгүшү жана эмгек рыногунун түзүмүнүн өзгөрүшү менен шартталган заманбап чакырыктарга адаптациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи:
“Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда турган негизги милдет-Эмгек жана эмгек мамилелери институтун өркүндөтүү. Биз эмгек процесстерин башкарууда максаттуу жана комплекстүү мамилеге умтулабыз. Технологиянын өнүгүшү менен көптөгөн жумуш орундары өзгөрүүдө, заманбап кесиптер пайда болууда жана санариптештирүү салттуу жумуш орундарынын кыскарышына жана жумуш менен камсыз кылуунун жаңы формаларын түзүүдө. Буга байланыштуу биздин алдыбызда маанилүү милдет турат — биздин адистердин дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу”.
Өз кезегинде Андре Алгермиссен эмгек мамилелерин өнүктүрүү жаатында кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Конрад Аденауэр фонду дүйнөнүн 120 өлкөсүндө 200дөн ашык долбоорлорду ишке ашырып жатканын, анын ичинде жарандык билим берүү программаларын жана иш-чараларды уюштуруп жатканын баса белгиледи.
“Биз эмгек жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн биргелешип иштөө үчүн министрлик менен жигердүү кызматташууга даярбыз”, – деп баса белгиледи Алгермиссен.
Тараптар эмгек потенциалын өнүктүрүүгө жана бул чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн өнөктөштүк байланыштарды бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
Пайдалуу
Ссылкалар