Равшанбек Сабиров Министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн иштери менен жеринде таанышууда
Бүгүн, 16-январь күнү, Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Ош шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына барды, ошондой эле министрликтин Ош шаарында жайгашкан ведомстволук бөлүмдөрүнүн иштеринин жүрүшү жөнүндө маалымат алды.
Сапардын жүрүшүндө министр Р. Сабиров кызматкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, коюлган милдеттерди так жана сапаттуу аткаруу зарылдыгына басым жасады.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Ш. Токторбаев менен бирге министр Р. Сабиров социалдык контракт программасына катышкан үй-бүлөлөргө барды. Бул үй-бүлөлөргө 100 миң сом өлчөмүндө мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп, өз ишин баштоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Ошентип, долбоордун катышуучусу, жалгыз бой эне Нуринса Калыкова тигүү тармагында бизнес-план иштеп чыгып, ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүүдө. Анын айлык кирешеси 50-60 миң сомду түзөт.
Өз кезегинде Жайнагүл Бусурманова алган каражатына мөмө-жемиш жана азык-түлүк саткан дүкөн ачып, эми күнүмдүк кирешеси 1500-2000 сомду түзөт.
Ошондой эле министр долбоордун такси тармагында иштеген катышуучулардын мамлекеттик колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык айткандарын билдирди.
Түштүк борборго болгон сапардын дагы бир маанилүү маселеси болуп “Сахаров көп функционалдуу миграциялык ресурстук борборунун” Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн ачылышы болду. Министр Борборду жайгаштыруу пландалып жаткан имаратты карап чыкты.





2025-01-17