Эмгек министрлиги так маалымат алуу үчүн расмий булактарга кайрылууга чакырат
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык тармактарда жалган маалымат тараган фактылар тууралуу билдирет. Мындай учурларда Министрлик тарабынан зарыл болгон текшерүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча түшүндүрмөлөр берилет.
Мындай учурлардын бири үй-жайсыз калган делген сегиз балалуу аял тууралуу маалымат. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгында үй-бүлө аз камсыз болгондор катары каттоодо турганы, ал эми балдарга 9 миң 600 сом өлчөмүндө «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу каралганы аныкталган. Мындан сырткары үй-бүлөгө кайрымдуулук фонду тарабынан курулган муниципалдык имараттан турак жай бөлүнүп берилген.
Министрлик активисттерди, блоггерлерди жана коомдук уюмдарды түшүндүрүү үчүн расмий булактарга кайрылууга чакырат.
Тактоо жана кошумча маалымат алуу үчүн жарандар министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылса болот.

2025-01-18