Көңүл буруңуздар! Россияда миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн Кыргызстандын жарандары 2025-жылдын 30-апрелине чейин укуктук абалын жөнгө салуусу же өлкөдөн чыгып кетиши керек

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Россияда мыйзамсыз жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына алардын жүрүүсүн мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берилгенин билдирет.
2025-жылдын 1-январынан – 2025-жылдын 30-апрелине чейин мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр Россиянын аймагынан чыгып кетүүгө же алардын укуктук абалын жөнгө салууга милдеттүү. Россияда жүргөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары өздөрүн мыйзамсыз жүргөн адамдардын тизмесинде текшериши керек, алар https://migrant.kg ” сайтта контролдонуучу адамдардын реестрине киргизилүүгө тийиш кара тизмелер бөлүмүндө”алдын ала тизме” бөлүмчөсүндө текшерүүсү керек.
Бул тизмелерден өзүн тапкан жана өзүнүн жүрүүсүн мыйзамдаштырууну каалаган жарандар өздөрүнүн укуктук абалын жөнгө салуу боюнча токтоосуз чараларды көрүшү, б.а. дактилоскопия жана сүрөткө тартуу процедураларынан, медициналык текшерүүдөн өтүшү, болгон карыздарын жоюшу, эмгек/жарандык-укуктук келишим түзүшү жана миграциялык каттоого турушу зарыл.
Россияда эмгектенүүгө укугу бар чет өлкөлүк жарандар Россия Федерациясынын ИИМинин аймактык органына Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз беришет жана иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек келишиминин же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн беришет.
Орусияда миграциялык каттоо эрежелерин бузуу менен жүргөн, эмгек ишмердигин мыйзамсыз жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандарга, ошондой эле 2025-жылдын 5-февралына чейин жүргөн, бирок өздөрүнүн укуктук статусун мыйзамдаштырууну каалаган жана 2025-жылдын 1-апрелинен 30-апрелине чейинки мезгилде Россиянын ыйгарым укуктуу органдарына тиешелүү арыз менен кайрылган адамдарга кирүүгө жана административдик чыгарып салууга уруксат бербөө жөнүндө чечим кабыл алынбайт.
Бардык суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюнча кайрылуу зарыл: Москва ш., Малая Полянка көч., 7-үй, корп.5 (метро Полянка). Ишеним телефону +7 996 968 98 97 (күнү-түнү) +7 925 030 26 27 (Москва убактысы боюнча 9.00 дөн 18.00 гө чейин).
030 26 27 (с 9.00 до 18.00 по московскому времени).
Возможно, это изображение 7 человек, толпа и текст
Пайдалуу
Ссылкалар