Эмгек министри Р.А.Сабиров эмгек мамилелерин санариптештирүүнүн келечегине токтолду
Сауд Аравияга болгон иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р. Сабиров Qiwa онлайн платформасын иштеп чыккан «Такамол» уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы эмгек процесстерин санариптештирүү, ошондой эле миграция жана эмгек мамилелери чөйрөсүндө инновациялык чечимдерди киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Министр Сабиров Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров кол койгон жаңы Эмгек кодексинде каралган аралыктан иштөө мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. Ал баса белгилегендей, мамлекет башчысы санариптештирүү процессин, анын ичинде бардык мамлекеттик документтерди электрондук форматка өткөрүүнү активдүү колдойт. «Бул демилгелер мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле кызматкерлер жана жумуш берүүчүлөр үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган,»-деди ал.
Иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосунда онлайн келишимдерди түзүү үчүн киргизилип жаткан онлайн-платформаларга, ошондой эле электрондук эмгек китепчесине өтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, Р.А. Сабиров мигранттардын квалификациясын жогорулатууга, алардын укуктарын коргоого жана чет өлкөлөрдө жүрүүсүн көзөмөлдөөнү жакшыртууга өбөлгө түзгөн системаларды өнүктүрүүнү сунуштады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө “Такамол” уюмунун өкүлдөрү министрге Qiwa платформасы менен тааныштырышты.
Qiwa.



2025-01-30