Миграциялык саясатты өркүндөтүү жөнүндө
Эр-Риядда өтүп жаткан эмгек рыногу боюнча Глобалдык конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А. Сабиров Филиппин Мамлекетинин эмгек мигранттары министри Ханс Лео Какдас мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эмгек миграциясы жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды.
Министр Р. А. Сабиров Филиппин Өкмөтүнүн эмгек миграциясын жөнгө салуудагы жетишкендиктерин жогору баалап, “Филиппин тажрыйбасы” жарандарды өнүккөн өлкөлөргө ишке ийгиликтүү даярдоодо жана жөнөтүүдө гана эмес, мигранттардын укуктарын жогорку натыйжалуу коргоодо да үлгү экенин белгиледи.
Буга байланыштуу Министр миграциялык процесстерди башкарууда тажрыйба алмашуу үчүн кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнү сунуштады.


2025-02-02