КРнын Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү Орусиянын укук коргоо органдарынын рейд учурунда мончо комплексинде жабыркаган кыргызстандыктар менен жолугушуулар болгонун билдирди.

Кыргызстандыктарга арыз жазуу сунушталып, бирок алар баш тартышкан. Өкүлчүлүк тарабынан укуктук колдоо көрсөтүлөт.
Азыр 24 кишинин ичинен кармалган 22 кыргызстандык кое берилди. Кармалган калган экөөнү бошотуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Ошону менен бирге өкүлчүлүк Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасына, укук коргоо органдарына, анын ичинде Россиянын ИИМине, Москва шаарынын прокуратурасына, Россия Федерациясындагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктууга жана башкаларга тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кат жолдоду.
Пайдалуу
Ссылкалар