Эмгек министри Равшанбек Сабиров Япониядагы кыргызстандыктарды мыйзамдуу түрдө ишке орноштурууга квотаны көбөйтүү маселесин талкуулады

Японияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Сабиров Р.А. IM Japan уюмунун жетекчилиги, анын ичинде Хитоши Канамори мырза менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар кыргызстандык жарандарды Японияда ишке орноштуруудагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Министр Сабиров жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, IM Japan менен болгон өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал 2025-жылдын январында кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду кызматташтыкты институтташтыруудагы маанилүү кадам катары белгиледи. Кыргыз тарап квоталарды көбөйтүүнү, кызматташуунун жаңы багыттарын, анын ичинде санариптик технологиялар жана робот техникасы жаатындагы кызматташууну кеңейтүүнү, ошондой эле Кыргызстанда IM Japan стандарттары боюнча окутуу борборун түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Япон тарап кыргызстандык жарандардын потенциалына жогору баа берип, техникалык стажёрлор үчүн келишим мөөнөтүн 1 жылдан 3 жылга чейин узартууга жана Кыргыз Республикасынан көбүрөөк жарандарды кабыл алууга даяр экендигин билдирди. Ошондой эле “Айрыкча көндүмдөргө ээ жумушчу” мамлекеттик программасынын алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маалымат алмашууну күчөтүү, кадрларды даярдоону өнүктүрүү жана пилоттук стажировкаларды, биргелешкен “жол картасын” ишке киргизүү сыяктуу жаңы демилгелерди кароо боюнча макулдашышты.
Маалымат үчүн:
IM Japan компаниясы, расмий түрдө Эмгек күчүн өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм катары белгилүү, Япония Өкмөтү тарабынан Техникалык стажировка программасын (TITP) башкаруу үчүн түзүлгөн коомдук фонд болуп эсептелет. 1993-жылы башталган бул программа өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жаштарын япон технологияларына, кесиптик көндүмдөргө жана эмгек маданиятына үйрөтүү аркылуу эл аралык кызматташууну колдоого багытталган.
Пайдалуу
Ссылкалар