Эмгек министрлиги Япониянын алдыңкы компаниялары менен биргелешкен санариптик долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Японияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Transaction Media Networks Inc. компаниясынын башкы директору Алекс Атсуши Отака менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда миграция жана эмгек мобилдүүлүгүн башкаруу системасына санариптик чечимдерди киргизүү жана бул жааттагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Министр Р.А. Сабиров компаниянын булут технологиялары, электрондук төлөм системалары жана интеграциялык платформалары сыяктуу санариптик чечимдеринин потенциалы жогору экенин баса белгилеп, аларды Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдөгү эмгектенүүсүн көзөмөлдөөдө, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүдө жана процесстердин ачык-айкындуулугун жогорулатууда ийгиликтүү колдонууга болорун белгиледи.
Тараптар жаш адистерди кесиптик даярдоо мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурушту. Кыргыз тарап өлкө жаштарын IT тармагында окутуу боюнча программаларды ишке киргизүүгө жана япон компаниялары менен биргеликте пилоттук санариптик долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди.
Япон тарап өзүнүн Toyota жана Mitsubishi сыяктуу ири корпорациялар менен кызматташуу тажрыйбасын жана технологиялык иштеп чыгуулардын жыйынтыктарын сунуштап, кыргызстандык IT адистерин жумушка алууга даяр экенин, ошондой эле өз адистерин тажрыйба алмашуу жана жогорку технологияларды өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Кыргыз Республикасына жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар санариптик инновациялар чөйрөсүндө мамлекеттик жана тармактык деңгээлдеги байланыштарды бекемдөөгө бирдей кызыкдар экенин ырастап, мамлекеттик менен жеке сектордун өнөктөштүгү санариптештирүүнү илгерилетүүдөгү негизги фактор экенин белгилешти.




2025-04-15