Кыргыз Республикасынын эмгек министринин биринчи орун басары А. Солтонбекова Чернобылчыларды эскерүү иш-чарасына катышты

2025-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А.К. Солтонбекова Ю. Фучик атындагы паркында Чернобыль АЭСиндеги авариянын 39 жылдыгына арналган эскерүү жыйынга катышты.
Өз сөзүндө ал Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров 2025-жылдын 18-апрелинде кол койгон Жарлык жөнүндө айтып, анда авариянын кесепеттерин жоюу иштерине катышкан жарандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрүнө 2025-жылдын 1-январынан тарта ай сайынкы акчалай компенсациялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу каралгандыгын маалымдады:
1. Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар жана нур оорусуна кабылган жана ооруган адамдарга 7 000 сомдон 10 000 сомго чейин;
2. 1986-1987-жылдарда Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдарга – 2500 сомдон 3 500 сомго чейин;
3. 1988-1989-жылдарда Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдарга – 1 000 сомдон 2 000 сомго чейин;
4. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен курман болгондордун, нур оорусунун кесепетинен өлгөндөрдүн, каза болгон майыптарынын жана каза болгон 1986-1987-жылдардагы катышуучуларынын үй-бүлөлөрүнө – 1 000 сомдон 1 500 сомго чейин;
5. Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдардын 18 жашка чейинки балдарына – 1 000 сомдон 1 500 сомго чейин.
Ошондой эле А.К. Солтонбекова 2025-жылдын 1-апрелине карата Чернобыль авариясынын кесепеттерин жоюу иштерине катышкан 1 943 жаран жана алардын үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрү ай сайынкы акчалай компенсация алып жаткандыгын билдирди.
«Бул чечим — мамлекеттин урматтоосу жана таазими, ошондой эле социалдык адилеттүүлүктү чыңдоого багытталган кадам», — деп белгиледи ал.
Пайдалуу
Ссылкалар