Эмгек министрлиги Президенттин «Жашыл мурас» программасын ишке ашырууга активдүү катышууда

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров май айындагы майрам күндөрүндө министрликтин бардык райондук башкармалыктарына, стационардык мекемелерине Кыргыз Республикасынын Президентинин экологиялык демилгеси болгон «Жашыл мурас» программасына — өлкөнү жашылдандырууга жана айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле түзүүгө багытталган иш-чарага активдүү катышууну тапшырды.

«Эс алуу — бул пайдалуу менен жагымдууну айкалыштырууга эң сонун мүмкүнчүлүк. Дарак отургузуу — бул экологияга кошкон салым гана эмес, пайдалуу убакыт өткөрүү жана маанилүү ишке катышууну сезүү мүмкүнчүлүгү», — деп баса белгиледи министр Равшанбек Сабиров.

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, анын орун басарлары жетектеген,  стационардык мекемелердин кызматкерлеринин активдүү катышуусу, ошондой эле демөөрчүлөрдүн колдоосу жана өздүк ресурстардын эсебинен республика боюнча жатак үйлөргө, реабилитациялык борборлорго жана башка мекемелерге жүздөгөн бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду. Акцияга социалдык кызмат алуучулар да кошулду. Аймактарды жашылдандыруу экологиялык абалды жакшыртууга гана эмес, жарандардын жашоосу жана калыбына келиши үчүн дагы ыңгайлуу жана жагымдуу чөйрөнү түзүүгө өбөлгө түзөт.

«Жашыл мурас» программасы туруктуу келечекке умтулуубузду чагылдырып, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана жарандардын биргелешкен аракеттерин бириктирет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш-чарага катышкан бардык жарандарга ыраазычылык билдирип, Кыргызстан табиятын сактоого салым кошууну улантууга чакырат.

Пайдалуу
Ссылкалар