Равшанбек Сабиров Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадда ардагерлерди куттуктады
2025-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарындагы Ала-Тоо борбордук аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу аскердик парад өттү.
Президент, Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку колбашчысы Садыр Жапаров сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды келе жаткан Жеңиш Күнү менен куттуктады.
Президент Садыр Жапаров 8 — майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парадда: “Ооруктун ардагерлери жана эмгекчилери бизге тынч асман тартуулаган баатырлар”,-деди.
Иш-чарага Жогорку Кенештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А.Касымалиев, өкмөт мүчөлөрү, аскер кызматкерлери, ардагерлер, ошондой эле шаар тургундары жана коноктору катышты.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров ардагерлер менен жолугушуп, аларды Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады. Министр эрдиги, баатырдыгы жана Жеңишке кошкон баа жеткис салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Парадга 11 ардагер катышты:
• 1 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу,
• 1 блокадалык Ленинграддын тургуну,
• 1 мурдагы жашы жете элек концлагерь туткуну,
• 5 тыл эмгекчиси,
• 3 согуштун катышуучусунун жесири.
Бул ардагерлердин бардыгы мамлекет тарабынан туруктуу камкордукта болуп, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу ай сайын акчалай компенсация алышат.Улуу Жеңиштин эскерүүсү ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашайт», — деди Равшанбек Сабиров жолугушуу маалында.
Майрамдык иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүп, анда ардагерлерди куттуктап, колдоо көрсөтүлүүдө.





2025-05-08