КРнын Эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу КР менен РФнин парламенттер аралык комиссиясынын жыйынында сүйлөдү
2025-жылдын 15-майында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча XI парламенттер аралык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Иш-чарага депутаттар жана КРнын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу жыйында доклад менен чыгып, анда Россия Федерациясынын миграциялык саясатына байланыштуу өзгөрүүлөрдүн алкагында КР жарандарынын укуктук абалы маселелерин кеңири баяндап берди. Ал РФ Президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы №1126 Жарлыгы менен каралган чараларга өзгөчө токтолду. Анын ичинде депортация режими киргизилип жатканы, көзөмөлдөгү адамдардын реестри түзүлүп жатканы жана укуктук макамды 2025-жылдын 10-сентябрына чейин жөнгө салуу тартиби тууралуу айтып өттү.
Бакыт Дарманкул уулу эки өлкө ортосунда макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн конструктивдүү диалог жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Биз эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттер Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын камсыздоого жана мүмкүн болуучу терс кесепеттерди азайтууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз», — деди ал.


