ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдүн арасында эмгек рыногундагы кырдаалды жакшыртуу темптери боюнча Кыргыз Республикасынын 2-орунга өтүүсүн камсыз кылган чаралар жөнүндө

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде белгилешкендей, Кыргызстанда эмгек акынын туруктуу өсүшү уланууда.
Министрлик, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып, орточо айлык номиналдык эмгек акыны эсептөөлөр боюнча төмөнкүдөй таблицада өсүш байкалганын билдирди:
Январь-март айлыктарынын өсүү динамикасы (жылдар боюнча):
2021ж. январь-март 18 797 105,8
2022ж. январь-март 21 568 114,7
2023ж. январь-март 30 677 142,2
2024ж. январь-март 34 046 111,0
2025ж. январь-март 40 264 118,3
Мында 2025-жылдын январь-мартында товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индекси 2024-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 106,9% га жогорулады (инфляция 6,9% ды түздү). Бул эмгек акынын өсүш темпи азык-түлүк товарларын жана биринчи зарылдыктагы товарларды кошкондо баалардын өсүшүнөн кыйла ашып кеткендигин айгинелейт, бул калктын реалдуу кирешелерин сактоого жана чыңдоого өбөлгө түзөт.
Азык-түлүк товарларын жана биринчи зарылдыктагы товарларды кошкондо баалардын өсүшү тарабынан болгон кысымга карабастан, эмгек акы калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүү менен туруктуу өсүштү көрсөтүүдө.
Эмгек акы төлөө чөйрөсүндө байкалган динамика айрым социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн бара-бара жакшыргандыгын айгинелейт. Калктын кирешелеринин өсүшү этаптуу мүнөзгө ээ, ички суроо-талаптын сакталышына өбөлгө түзөт жана келечектеги экономикалык өнүгүүнүн негизин түзөт.
Ошол эле учурда акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунда туруктуу оң динамика байкалууда.
2021-2025-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасы эмгек рыногундагы кырдаалдын жакшыруу темпи боюнча Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн арасында экинчи орунду ээлөө менен жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүдө олуттуу прогрессти көрсөттү.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жумушсуздукту төмөндөтүү боюнча рейтингине ылайык, Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 2,2 пайыздык пунктка төмөндөгөн – 2021-жылы 6,3% дан 2023-жылы 4,1% га чейин Армениядан кийинки эле.
Буга кошумча, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2025 –жылдын январь-апрель айларында расмий катталган жумушсуздардын саны 47,3 миң адамды түзгөн. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22% га аз (60,4 миң адам).
Бул төмөндөө калктын иш менен камсыз болушун колдоого, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө, ошондой эле экономиканын ар кандай секторлорундагы экономикалык активдүүлүктү стимулдаштырууга багытталган мамлекеттик программаларды ырааттуу ишке ашыруунун натыйжасы болду.
Мындай динамика төмөнкүдөй мамлекеттик чаралардын комплекстүү ишке ашырылышы менен түшүндүрүлөт:
* калкты иш менен камсыз кылууну колдоо;
* чакан жана орто бизнести өнүктүрүү;
* ишкердик демилге үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
* өнөр жай, айыл чарба, кызмат көрсөтүү жана экономиканын башка тармактарында экономикалык активдүүлүктү активдештирүү.
Учурдагы жыйынтыктар идеалдуу көрсөткүчтөрдөн алыс болгонуна карабастан, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н.Жапаровдун 2018-2040 – жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн – жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу-негизги милдети өзгөрүүсүз калууда. Мамлекет өлкөнү туруктуу жана прогрессивдүү өнүктүрүү багытында ишенимдүү кадам таштоодо.
Пайдалуу
Ссылкалар