Эмгек министрлиги “Кыргызстан пенсионерлер союзу” коомдук бирикмеси менен кызматташууну күчөтүүдө: Өз ара аракеттенүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду
Бүгүн, 2025-жылдын 16-майында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Кыргызстан пенсионерлер союзу” коомдук бирикмеси менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду.
Жолугушууда Эмгек министри Равшанбек Сабиров сөз сүйлөп, улгайган жарандардын кызыкчылыгын коргогон уюмдар менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Министр коомдук бирикменин төрагасы Эсенгул Исаковго жана анын командасына улуу муундагы жарандардын укуктарын коргоо, жашоо шарттарын жакшыртуу жана коомдук турмушка катышуусун жогорулатуу боюнча жигердүү иши үчүн терең ыраазычылык билдирди.
“Сиздердин улуу муундар ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө жана карыларга камкордук көрүү маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар — бул жарандык жоопкерчиликтин жана бийик адептүүлүктүн жаркын мисалы”, — деп белгиледи министр өз сөзүндө.
Сабиров Р.А. министрлик улгайган адамдардын жашоо сапатын жогорулатуу маселелерине артыкчылык берип, тиешелүү мамлекеттик программаларды ишке ашырып жатканын билдирди. Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 65 жаштан жогорку 407,8 миңден ашуун улгайган жарандар жашайт, бул жалпы калктын 5,7 пайызын түзөт.
“Коомдук бирикмелер менен тыгыз өнөктөштүктө жарандарыбыз үчүн татыктуу бактылуу карылыкты камсыздай алабыз”, — деп кошумчалады Сабиров Р.А..
Министр, ошондой эле пенсионерлер Союзунун өтүнүчү боюнча Эмгек министрлиги улгайган жарандарды комплекстүү колдоо системасында маанилүү элемент боло турган геронтологиялык борбордун курулушун планга киргизгендигин маалымдады. Мындан тышкары, министр пенсионерлер боюнча кеңеш түзүү же майыптар жана пенсионерлер боюнча кеңеш болуп кайра түзүү максатында майыптар боюнча кеңештин учурдагы Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Жолугушуунун жүрүшүндө пенсионерлер союзунун өкүлдөрү улгайган жарандар туш болуп жаткан актуалдуу көйгөйлүү маселелерди, анын ичинде пенсионерлер үчүн жеңилдиктерди кеңейтүү зарылдыгын, ошондой эле карылар үчүн пансионат бөлүүгө тиешелүү маселелерди айтышты.
Кол коюлган Меморандумдун алкагында тараптар улгайган жарандардын укуктарын коргоого, социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жана коомдук турмушка кеңири тартууга багытталган долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну макулдашты.
Министр, “Кыргызстан пенсионерлер союзу” коомдук бирикмесинин ишинде ийгиликтерди каалап, жетишилген макулдашуулар бекем жана узак мөөнөттүү кызматташуунун негизи болоруна ишенимин билдирди.




