«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2025 – жылдын май айынын иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2025 – жылдын 1 – майынан – 1 – июнуна чейин 5875 телефондон кайрылуу (бир суткада 189 чалуу) түшкөн.
226 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 109 же 48,2 % жаш балдар, ал эми 117 же 51,8% чоң кишилер), анын ичинен 182 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 37 абонентке психологиялык консультация берилген, 7 кайрылуу маанисине жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
226 чалуунун ичинен: эркектерден – 38 (16,8%), аялдардан – 79 (35,0%), эркек балдардан – 27 (11,9%), кыздардан – 82 (36,3%).
Кайрылуулардын түрү жана мааниси төмөнкүдөй:
– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 65 (балдар 58);
– психологиялык жабырлануу менен – 27 (балдар 15);
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 27 (балдар 0);
– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 26 (балдар 9);
– билим берүү системасы жөнүндө – 14 (балдар 3);
– башка маселелер боюнча – 14 (балдар 5);
– үй-бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 13 (балдар 3);
– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 11 (балдар 4);
– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 9 (балдар 7);
– мектептеги рэкет жөнүндө – 8 (балдар 1);
– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 3 (балдар 2);
– суицид жөнүндө – 3 (балдар 1);
– медициналык камсыздоо жөнүндө 3 (балдар 0);
– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 2 (балдар 0);
– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө 1 (балдар 1).
5649 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.
Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, балдарга, үй – бүлөлөргө, жарандарга берилген жардам, же консультация жөнүндө жазуу же оозеки түрүндө маалыматты, жоопту алып турат.
Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:
– Бишкек шаарынан – 48 (21,2%);
– Жалал – Абад облусунан – 18 (8,0%);
– Чүй облусунан – 17 (7,5%);
– Ысык- Көл облусунан – 9 (4,0%);
– Баткен облусунан – 7 (3,0%);
– Ош шаарынан – 6 (2,7%);
– Ош облусунан – 6 (2,7% );
– Нарын облусунан – 4 (1,7%);
– Талас облусунан – 2 ( 1,0% );
– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 109 (48,2 %).