Бишкекте түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы “Тынчтык, эмгек жана элдердин достугу” аттуу тегерек столдо талкууланды
2025-жылдын 10-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Тынчтык, эмгек жана элдердин достугу» аттуу эл аралык тегерек үстөл өткөрдү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түрк мамлекеттеринин уюмунун XI Саммитине катышуусунун жыйынтыгында түзүлгөн иш-чаралар планынын алкагында жана 2025-жылы Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын алкагында уюштурулду.
Тегерек үстөлдүн максаты — тынчтыкты бекемдөөгө, коопсуз эмгек миграциясын өнүктүрүүгө, жаштардын иш менен камсыз болуусун колдоого жана Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдө улуттар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган тажрыйба алмашуу жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эл аралык аянтча түзүү болгон.
Эмгек министри Равшанбек Сабиров өз сөзүндө «Тынчтык, эмгек жана элдердин достугу» темасы ТМУга мүчө элдерди бириктирген терең баалуулуктарды чагылдырарын белгиледи.
“Түрк элдери — бул бир гана жалпы тектүү жана тил менен эмес, кандагы тарыхый эс тутум, ишеним, руханий баалуулуктар, кылымдар бою бири-бирине көрсөткөн колдоо менен бекемделген боордош эл. Биз күч-кубатыбыз, намысыбыз, тагдырыбыз жаралбаган Улуу Талаа мейкиндигине тамыры кылымдарды карыткан көп бутактуу бир дарактайбыз”.
Эмгек министрлигинин жетекчиси 2026-жылы Кыргызстан Түрк мамлекеттери уюмуна кирген өлкөлөрдүн арасында 4-жаштар форумун өткөрүүнү пландап жатканын билдирди.
“Жаштар түрк элдеринин ортосундагы байланышты бекемдөөдө маанилүү звено болуп саналат жана бул Форум жаш лидерлердин ортосунда тажрыйба жана идеялар менен алмашууга өбөлгө түзөт”, — деди ал.
Ошондой эле Равшанбек Сабиров Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстан Түрк мамлекеттеринин уюмунун ишинде активдүү катышып жатканын баса белгиледи.
«Садыр Жапаров түрк биримдиги — бул жөн гана саясий же экономикалык бирикме эмес, элдерди бириктирген тарыхый тектештикке, тилге, динге жана маданиятка негизделген руханий байланыш экенин ар дайым баса белгилеп келет», — деп кошумчалады министр.
Тегерек столго ТМУна мүчө өлкөлөрдүн тийиштүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, миграция жана эмгек мамилелери тармагындагы эксперттер, ошондой эле диаспора менен иш алып барган коомдук ишмерлер катышты.
Тегерек столдун жыйынтыгында катышуучулар ТМУ өлкөлөрүнүн ортосунда диаспора саясатын өнүктүрүү багытында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча консолидацияланган сунуштарды жана жаштарды ишке орноштуруу, анын ичинде жаш адистердин мобилдүүлүгүн камсыздоо жана стажировка программалары менен алмашуу боюнча биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгышты.
Иш-чара “Инсан-Лейлек”коомдук фондунун колдоосу менен өттү.




