«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2025 – жылдын 5 айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2025 – жылдын 5 айында 26996 телефондон кайрылуу (бир суткада 178, бир айда 5399 чалуу) түшкөн.

932 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 378 же 40,6 % жаш балдар, ал эми 554 же 59,4% чоң кишилер), анын ичинен 710 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 145 абонентке психологиялык консультация берилген, 77 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

932 чалуунун ичинен: эркектерден – 175 (18,8%), аялдардан –379 (40,6%), эркек балдардан – 106 (11,4%), кыздардан – 172 (29,2%).

Кайрылуулардын түрү жана мааниси төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 177 (балдар 10);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 172 (балдар 139);

– психологиялык жабырлануу менен – 129 (балдар 93);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө –86 (балдар 19);

– билим берүү системасы жөнүндө – 74 (балдар 19);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн  жөнүндө – 59 (балдар 31);

– үй-бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 51 (балдар 5);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 44 (балдар 21);

– башка маселелер боюнча – 35 (балдар 15);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 26 (балдар 5);

– үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө  – 21 (балдар 4);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 18 (балдар 5);

– мектептеги рэкет жөнүндө – 17 (балдар 7);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 15 (балдар 0);

– суицид жөнүндө – 8 (балдар 5).

26064 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 207 (22,2%);

– Чуй облусунан – 84 (9,0%);

– Жалал – Абад облусунан  – 51 (5,5%);

– Ош шаарынан – 43 (4,6%);

– Ысык- Көл облусунан– 43 (4,6%);

– Ош облусунан – 41 (4,4%);

– Баткен облусунан – 27 (2,9%);

– Нарын облусунан – 17 (1,8%);

– Талас облусунан – 15 (1,6%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 404 (43,3%).

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ошондуктан 77 кайрылуу кабарланган, анын ичинен 62 (80,5%) – райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жан миграция башкармалыктарына (РШЭСКМБ), 15 (19,5%) – ички иштер органдарына жөнөтүлгөн.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жан миграция башкармалыктары, ички иштер органдарына менен өз ара биргеликте иштешип, балдарга, үй – бүлөлөргө, жарандарга берилген жардам, же консультация жөнүндө жазуу же оозеки түрүндө маалыматты, жоопту алып турат.

Биргеликте жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр өз убагында табылып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү:

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу: 10 факты анык болгон (3 бала үй –  бүлөдөн алынып, убактылуу фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылган, 4 бала убактылуу борборго жайгаштырылган, 1 аял РИИБна арыз менен кайрылган, 1 иш РИИБда каралууда, 6 үй – бүлө менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, 1 үй – бүлө каттоого алынган), 9 факты факты аныкталган эмес, 5 каралууда;

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу: 1 факты аныкталган, мас абалдагы күйөөсү наркологиялык мекемеге жайгаштырылган, 1 эркек менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, 1 каралууда;

балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу: 2 факты аныкталган, балдар үй – бүлөдөн алынып, убактылуу борборго жайгаштырылган, 2 үй – бүлө РШЭСКМБна каттоого алынган, 2 факты аныкталган эмес, 1 каралууда;

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө: РШЭСКМБнын кызматкерлери 14 үй – бүлөгө жашаган жерине барышкан (1 жашы жетелек кыз жана 1 аялга коргоо ордери берилген; 2 үй – бүлөнүн жашаган жери так болбогондуктан, текшерүүгө мүмкүнчүлук болгон эмес; 1 аял үйүнүн эшигин ачпай койгон, бирок баласы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн; 4 үй – бүлөнүн балдары канааттандырарлык шартта жашаса да, үй – бүлө мүчөлөрү менен балдарды тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн; 1 кайрылуу боюнча жаш өспүрүмдү психоневрологиялык ССМге жайгаштырууга документтер чогултулган, 1 үй – бүлөнүн балдарына жөлөкпул алууга документтер даярдалган, 1 өспүрүм кыз убактылуу борборго жайгаштырылган; 2 үй – бүлө РШЭСКМБ тарабынан каттогоо алынган), 1 кайырчылык кылуу фактысы боюнча 2 аялдын жеке өзүлөрү жана балдары менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, 1 кайрылуу боюнча иш РИИБда каралууда, 7 факты аныкталган эмес, 16 кайрылуу каралууда;

үй-бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө: 1 факты боюнча РИИБнын кызматкерлери тарабынан үй – бүлө менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, 1 факты аныкталган эмес;

жардам берүү жөнүндө: 1 кайрылуу боюнча жашы жетелек кыз табылып, апасына берилген;

– мектептеги рэкет тууралуу: 2 факты боюнча РИИБгы тарабынан жогорку класстын окуучулары жана алардын ата – энелери арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, каттоого алынган.

Пайдалуу
Ссылкалар