Эмгек министринин орун басары Норвегиянын өнүктүрүү агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мамат уулу Чынгызбек менен Эл аралык миграция уюмунун “Борбордук Азиядагы миграциянын контекстинде аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу менен аялуу мигранттарды коргоо” долбоорунун донору болгон Норвегиянын өнүктүрүү агенттигинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мигранттардын аялуу категорияларынын, анын ичинде турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдардын укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатууга багытталган долбоордун учурдагы абалын талкуулашты. Долбоордун алкагында жетишилген натыйжалар белгиленди, анын ичинде жабыр тарткан мигранттарга түз жардам көрсөтүү, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана бул жаатта кызыкдар мамлекеттик жана өкмөттүк эмес түзүмдөрдүн потенциалын жогорулатуу.
Министрдин орун басары Норвегиянын Өнүктүрүү агенттигине миграция чөйрөсүндөгү социалдык маанилүү демилгелерди колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирип, мигранттардын укуктарын илгерилетүү жана аларды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасы эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну мындан ары да чыңдоого даяр экенин ырастады.
Норвегиялык өнүктүрүү агенттигинин өкүлү өз кезегинде адам укуктарынын жана гендердик теңчиликтин принциптерине берилгендигин баса белгилеп, долбоордун жүрүшүнө канааттангандыгын жана келечекте дагы колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Тараптар долбоорду туруктуу ишке ашыруу максатында мындан аркы өз ара аракеттенүү жана адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, кайтып келген мигранттардын, анын ичинде аялуу категориядагы реинтеграция жана адаптация процесстери, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын жана мамлекети жоктордун Кыргызстанда болушун жөнгө салуунун жана ирээтке келтирүүнүн заманбап натыйжалуу механизмдерин киргизүүнү камсыз кылган маселелерди колдоо жана илгерилетүү сыяктуу чөйрөлөрдө жаңы демилгелер боюнча биргелешкен иштерди макулдашышты.




2025-06-11