Эмгек министрлиги ардагерлерге жана согуштун катышуучуларына жогорулатылган компенсацияларды төлөй баштады

Ведомствонун маалыматы боюнча, Министрлер Кабинети 2025-жылдын 29-майында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Афганистандагы согуштук аракеттерге катышкандар, ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан жарандар үчүн компенсациялардын өлчөмүн көбөйтүүнү караган токтомду бекитти.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү 2025-жылдын 1-январынан баштап төлөмдөрдү кайра эсептеп чыгышты. Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында кызмат көрсөтүүлөрдү эске алуу менен 91,8 млн сом суммасында каржылоого кошумча табыштамалар келип түшкөн.
Министрлик аймактык бөлүмдөрдүн эсебине керектүү сумманы которду. Учурда каражат алуучулардын эсебине бөлүштүрүлүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча, бул категориядагы жарандардын 60% жаңы өлчөмдөгү компенсацияларды алышкан.
Калган 40% төлөмдөрдү эртең, 2025-жылдын 12-июнунда алышат
Пайдалуу
Ссылкалар