Эмгек министрлиги: Орусиядагы кыргызстандыктар жумушка орношуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана легалдаштыруу боюнча жардам ала алышат
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Россиядагы кыргызстандыктарды колдоо, иш берүүчүлөр жана диаспоралар менен кызматташууну күчөтүү боюнча ишин күчөттү.
2025-жылдын башынан бери кыргызстандыктарга Россия Федерациясынын ар кайсы аймактарында 1907 бош орундар сунушталган. Мыйзамдуу ишке орноштуруу түздөн-түз россиялык иш берүүчүлөр менен байланыштар аркылуу уюштурулат.
Москва шаары, Москва облусу, Екатеринбург, Новосибирск, Краснодар, Сочи, Мурманск жана Тюмень шаарларында кыргызстандыктардын коомдук бирикмелери менен 54 жолугушуу өткөрүлдү. Аларга 4800ден ашык адам катышты. Ошондой эле Россиянын мамлекеттик органдары менен миграция, медицина, билим берүү жана ишке орноштуруу боюнча 36 жолугушуу өткөрүлдү. Беш учурда адистер жарандардын укугун коргоо үчүн медициналык мекемелерге барышкан.
967 кыргызстандык милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алууга жардам алды. Үч жаранга Россия Федерациясына кирүүгө коюлган чектөөлөрдү алып салууга жардам берилди. Мындан тышкары, ата-энесинин камкордугусуз калган үч баланы мекенине алып келүүгө жардам берилди.
Россиянын мыйзамдарындагы жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды легалдаштыруу мөөнөтү 2025-жылдын 10-сентябрына чейин узартылган. Өкүлчүлүк дайыма маалыматтык кампанияларды жүргүзүп, жарандарга укуктук абал жана миграция мыйзамдары боюнча кеп-кеңештерди берип турат. Орусиядагы эмгек мигранттарына ыкчам колдоо көрсөтүү үчүн 24 саат бою иштеген ишеним телефону бардык маселелер боюнча консультацияларды берет. Өкүлчүлүктүн иши Орусиядагы кыргызстандыктардын укуктарын коргоого, эмгек ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууга жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.