КР Эмгек министрлиги эскертет: өспүрүмдөр жайында канча саат иштей алышат
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жашы жете элек кызматкерлер үчүн жайкы каникуда жумуш убактысынын уруксат берилген узактыгы тууралуу эскертти.
Эмгек кодексине ылайык, эмгек ишмердүүлүгүнө 16 жашка толгон жарандар киргизилет. Айрым учурларда кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын же эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу болгондо — 15 жаштан баштап өспүрүмдөрдү жумушка орноштурууга болот.
Ошондой эле ата-энесинин биринин (камкорчу, көзөмөлчүсү) же камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органынын милдеттүү түрдө жазуу жүзүндөгү макулдугу менен 14 жаштан жогорку окуучулар менен эмгек келишимин түзүүгө жол берилет. Мындай өспүрүмдөр бош убактысында гана ден соолукка зыяны жок, окуу процессине тоскоол болбогон жеңил жумуштарды аткара алышат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жумуш күнүнүн узактыгына чектөөлөр каралат:
14 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн – күнүнө 5 сааттан ашык эмес;
16 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн – күнүнө 7 сааттан ашык эмес.
Жашы жете элек адам жумуш менен окууну айкалыштырса, жумуш убактысынын узактыгы төмөндөйт:
14-16 жаш – күнүнө 2,5 сааттан ашык эмес;
16-18 жаш – күнүнө 3,5 сааттан ашык эмес.
Министрлик ошондой эле баса белгилейт: Кыргыз Республикасында балдар эмгегин анын эң начар формаларында пайдаланууга катуу тыюу салынат. Жашы жете электерди жумушка алууда иш берүүчүлөр эмгек мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоого милдеттүү.