Равшанбек Сабиров кытай компаниялары менен инвестиция тартуу жана жумуш орундарын түзүү маселесин талкуулады
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Bitmain компаниясынын жетекчиси Чжоу Фэн, Kincaid group компаниясынын жетекчиси Чжан Жуй менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, өндүрүш ишканаларын ачуу жана өлкө аймактарында жаңы жумуш орундарын түзүү маселелерин талкуулашты. Бул чаралар эмгек миграциясын кыскартуунун натыйжалуу инструменттеринин бири катары каралды.
Равшанбек Сабиров акыркы жылдары Кыргызстандын ИДПсы туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүп жатканын белгилеп, чет элдик инвесторлор үчүн салыктын жана укуктук жеңилдиктерди камтыган жагымдуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.
«Биз өлкөнүн аймактарында реалдуу жумуш орундарын түзүүгө жана экономикага салым кошууга даяр болгон инвесторлор менен узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдарбыз. Калкты иш менен камсыздоо — тышкы миграцияны кыскартуунун жана социалдык туруктуулукту бекемдөөнүн негизги фактору», — деп баса белгиледи министр.




