КР Эмгек министрлиги маалымдайт: Чет өлкөдө ишке орношууда алдамчылык фактылары көбөйдү

 

 

Акыркы мезгилдерде Кыргызстандын жарандарын чет мамлекеттерге, өзгөчө Европа өлкөлөрүнө – Германияга, Польшага, Венгрияга, Хорватияга жана башкаларга жумушка орноштурууда алдамчылык фактылары көбөйдү.

 

Шылуундар социалдык тармактарда жана мессенжерлерде укмуштуудай жарнамаларды жарыялап, төмөнкүлөрдү убадалашат:

 

✅ Квалификация талап кылынбаган жогорку айлык акы;

✅ Кепилденген иш менен камсыз кылуу;

✅ Документтерди тез даярдоо жана чет өлкөгө “оңой чыгып кетүү”.

Андан кийин алар “кызмат көрсөткөндүгү” же “чакыруу алуу” үчүн алдын-ала акы төлөөнү талап кылышат, андан соң жок болуп кетишет.

 

🚫 Жарандар үчүн кандай коркунучтар бар:

🔻 Акчасын жоготуу жана жумушсуз калуу;

🔻 Жасалма документтер жана депортация;

🔻 Башка өлкөдө камсыздандыруунун жана укугун коргоо механизмдеринин жоктугу;

🔻 Карызга батып кетүү же эмгек эксплуатациясына кабылуу коркунучу;

🔻 Акча төлөгөндөн кийин шылуундар менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу.

 

 Өзүңүздү кантип коргосоңуз болот:

🔹 Социалдык тармактардагы белгисиз адамдарга эч качан акча которбоңуз.
🔹 Жумушка орноштурууну сунуш кылган агенттиктин лицензиясынын бар же жоктугун текшериңиз.

🔹 Шарттарды жакшылап карап чыккандан кийин гана келишимге кол коюңуз.

🔹 Бардык документтердин көчүрмөлөрүн жана кат алышууларды сактаңыз.

🔹 Бара турган өлкө, эмгек шарттары, чыгымдар жана реалдуу эмгек акысы жөнүндө толук маалымат алыңыз.

🔹 Европа, Япония, БАЭ, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана башка мамлекеттерге жумушка орношууну пландап жатсаңыз, уруксаты бар, расмий түрдө иштеп жаткан жумушка орноштуруучу жеке агенттиктерге гана кайрылыңыз.

 

📌 Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча расмий иш алып барган жеке агенттиктердин тизмеси менен төмөнкү сайттан таанышсаңыз болот: 👉 https://migrant.kg/ru/services/employment-agency/

 

💡 Эсиңизде болсун: 
📍 Сиздин коопсуз жумушка орношууңуз – бул сиздин коргооңуз жана эртеңки күнгө болгон ишенимиңиз.

📍 Эч ким шылуундардын курмандыгы болуп калбашы үчүн сак болуңуз жана жакындарыңызга жана досторуңузга эскертиңиз.

Эч кимдин алдамчылардын курмандыгы болбошу үчүн сергек болуңуз жана жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча жакындарыңызды, досторуңузду эскертиңиз.

Маалымат үчүн кыска номур:1899

Пайдалуу
Ссылкалар