Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптар иштери боюнча Кеңештин 18-отуруму өттү

2025-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Майыптар иштери боюнча Кеңештин 18-отуруму болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары К.Б. Жанузакова, Кеңештин төраганын орун басары Т.М. Исаков, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Күн тартибинде өзгөчө мааниге ээ болгон маселе — реабилитация жана абилитация кызматтарынын, өзгөчө менталдык бузуулары бар балдар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселеси каралды.
Өз сөзүндө Эдиль Байсалов менталдык бузуулары бар балдар үчүн реабилитациялык жана абилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, эрте диагностика, адистештирилген жардам жана үй-бүлөгө комплекстүү колдоо — бул балдардын потенциалын өнүктүрүүнүн жана аларды коомго ийгиликтүү интеграциялоонун негизги шарттары болуп саналат.
Эдиль Байсалов республика боюнча адистештирилген борборлордун тармагын кеңейтүү жана адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн окутуулар менен тренингдерди өткөрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Реабилитацияга комплекстүү мамиле кылуу үчүн саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо тармактарынын өз ара тыгыз кызматташуусу абдан маанилүү экендигин кошумчалады.
Мындан тышкары, Байсалов зомбулукка туш болгон майыптыгы бар аялдар жана кыздардын укуктарын коргоо маселесине көңүл буруп, мамлекет аларга юридикалык жардам көрсөтүп, укуктук жактан коргоону камсыздоого милдеттүү экенин баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакованын айтымында, мамлекет майыптуулугу бар адамдарды социалдык жактан коргоо жана реабилитациялоо боюнча ырааттуу кадамдарды жасап жатат, бирок өлкөдө майыптуулуктун деңгээли жогору бойдон калууда. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 218 миңден ашык майыптуулугу бар адамдар жашайт, алардын 37,6 миңден ашыгы балдар, бул 17%ды түзөт.
“Майыптуулуктун алдын алууга, ооруларды эрте аныктоого жана скринингдик программаларды киргизүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Бул майыптуулуктун деңгээлин төмөндөтүү жана ар бир баланын ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздоо боюнча маанилүү кадам”, – деп белгиледи Кыял Жанузакова.
Кеңештин жыйынтыгында катышуучулар майыптуулуг бар адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана мекемелер аралык кызматташууну бекемдөө боюнча алдыга кадамдарды аныкташты.
Пайдалуу
Ссылкалар